Бош жатпаган боз талаа
Турпанды көздөй жөнөдүк. Автобус-тун терезесинен айланага көз чаптырып баратам.

Бир карашта Бишкектен Балыкчыга бараткан жолду элестетет. Болгону биздин жерге караганда, кең жайык жер, боз талаа. Жолду келтирип салышыптыр. Бир багыттагы 4 тилке жол. Экинчи багыттагы жолу өзүнчө экен. Оор жүк ташуучу автомобилдердин жолу башка. Айтмакчы, тоннелдери да ар бир багыттыкы өз-өзүнчө. Трассада жолчырак дегенди дегеле көрбөйсүң. Тээ алыста поезд жолу, поезд зуулдайт. Коопсуздук үчүн поезд жолун жандык кире албагандай кылып темир торлоп коюшкан. Чөп чыкпаган майда кара таштар баскан кең боз талаада шамал аркырайт. Ошол шамал аркыраган боз талааны да бош калтырбаптыр. Жолду ката бүт эле шамал электр генераторлору жайнайт. Синьцзян аймагынын көбү ушул шамал электр энергиясын пайдаланат го деп калдым. Бизге дагы, Балыкчы тарапка дал ушундай шамал генераторлорун коюп, электр жарыгын алса болчудай. Жолду ката өз өлкөмдүн өнүгүшүн ойлоп, “ии, бизге да ушундай кылыш керек экен” – деген кыялдар жадыбалымда жанып турду…
Турпан шаары
Үрүмчүдөн Турпанга чейин 4-5 сааттык жол окшойт кыязы. Ошентип Турпанга кирип келдик. Жол боюнда мындан 20-30 жыл мурда эле жергиликтүү калк жашаган бирин-серин жер тамдар бар экен. Кытай өнүккөнгө чейин бул жерликтер 2 бөлмөлүү ылайдан салынган, сырты ак турпак менен шыбалган кичинекей тамда жупуну жашашкан сыягы. СССР кезинде биз булардан алда канча жакшы жашаган экенбиз дедим. Биздин айылдагы тамдар шыбалып, сырдалып, үстү шыйпыр (шифер), тунике менен жабылган, 4-5 бөлмөлүү тамдар эмес беле…



Азыр Турпан болуп көрбөгөндөй өзгөрүп атат. Тобу менен кабат үйлөр курулуп, жолдору зыңгыраган асфальт. Биз токтогон мейманкана учурдагы заманбап ыкма менен сонун салыныптыр. Жатаканага жайгашар менен сыртка чыгып, кечки Турпандын бир жакасын аралап, көрүп келдим. 700 миңден ашык калк жашаган бул шаарда негизинен жүзүм өстүрүшөт. Калктын басымдуу көпчүлүгү уйгурлар. Жүзүм талаалары ошол кабат үйлөрдүн жанында эле. Жүзүм талааларын тыкан, таза кармап астейдил иштешет экен. Автоунаа аз эле, негизги унаасы, биздеги «Желмаяндар», эки кишилик электромопеттер. Атасы, энеси деле, баласы, кызы деле көчөдө аркы-терки минип жүрүшөт. Көчө боюндагы атайын унаа токтотуучу жайда жалаң ушул мопеттер катар-катар тизилип турат. Ишке минип келишип ушинтип токтотуп коюшат экен, биз машине минип келип токтоткондой эле. Бирок алар жол тартибин бузбай, акырын айдашат. Тартиби да, тарбиясы да бар экен…
Байыркы Цзяохэ шаары
Бул байыркы шаар Турпан шаарынын Гаочан районунан 10 чакырым батыш тарабында деңиз деңгээлинен 30 метр бийиктиктеги түздүктө жайгашкан. Автобустан түшкөн жерден эски шаарды көздөй 30-40 метр бийиктикке карай бастык.

Үстүнө чыкканда жер кыртышы ак турпактан турган, кең жайык эски шаарды көрөсүң. Эки тарабын дарыя капчыгайы курчаган, бул кең жайык жердин (платонун) формасы Түндүк-Батыштан Түштүк-Батышка карай сунулган тал жалбырагын элестетет. Узундугу – 1750 метр, эң кенен жери 300 метр, жалпы аянты – 37.6 гектар. Байыркы Цзяохэ шаары, б.з.ч II кылымдан, Хан, Тан династияларынан бери карай, б.з 14-кылымына чейин жашап келген. Ал Чыгыш Теңир-Тоонун түштүк тарабындагы Жибек Жолунун маанилүү бекети болгон. 1961-жылы Кытай мамлекеттик кеңеши Цзяохэ шаарын улуттук маанидеги маданий мурастардын тизмесине киргизген. 2014-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кошулган. Бүгүнкү күндө 4А категориядагы туристтик жай болуп саналат. Туристтин баары ушул жерде. Эми ысыктыгын айтпа. Эски шаарды кыдырып келгиче күнгө күйүп чыдабай калдык. Илгерки адамдар кантип жашаган экен дедим ичимден. Азыр байыркы шаардын урандылары, кирпичтердин издери калган. Бир сакталганы, ошол кездеги шаар башчынын кеңсеси калыптыр. 7-8 метр тепкич менен ылдый түшкөндө, 16 кв метрдей тегиз жер анан 3 жертөлөсү бар экен. Ушул жерден элди кабыл алып, башкарып турган, – деди бизди ээрчитип, айтып берип жүргөн гид айым. Ак турпактуу бул ажайып, обочо, өзгөчө жер, бизче Ак Турпак деп эле аталса керек. А чынында ошондой. Бул эски шаарды кечээ кийинки (18-19-кк) кылымдарда эле биздин ата-бабалар да мекендеп келишкен. Айтылуу Шырдакбектин Боз жоргосун дал ушул жерден кайрадан уурдап алып кеткен деп да айтылат. Айтор, кызыктуу тарых уламыштары көп. Мага бул жердин аптаптуу ысыгы, ак турпак баскан өзгөчөлүгү эсте калды.
“Хо шань хун” шарап заводу
Кытай дүйнөдөгү шарап өндүрүү маданиятынын 9 мекенинин бири болуп саналат. Ал эми Синьцзянда жүзүм өстүрүү жана шарап өндүрүү тарыхы 2400 жылды карытыптыр. Турпан, Улуу Жибек жолунун маанилүү шаары эле эмес, жүзүмдүн да мекени. Бул аймак, Кытайда эң алгачкылардан болуп жүзүм өстүрүү жана шарап өндүрүү менен алектенген аймак катары таанылган. “Кытайдагы жүзүмдүн ыйык шаары жана “дүйнөлүк деңгээлдеги өзгөчө шарап аймагы” деген наамдарга ээ. Шаарда 250дөн ашуун шараптын түрлөрү өндүрүлөт. Бул продукциялар Улуу Британия, Франция жана 10дон ашык өлкөлөргө экспорттолот.

Биз “Байлян Е” компаниясына, “Хо шань хун” шарап өдүрүүчү заводуна да бардык. Бул завод шарап эле чыгарбастан, жүзүм аймагына шарап бочкасынын формасында чакан үйлөрдү (коттедждерди) куруп, атайын эс алуучуларды да кабыл алат экен. Ар бир бочка сымал үйдүн аянты 25м2, “жылдыздуу” мейманкана стандартына туура келет. Дегеним, бир бөлмөлүү мейманканадай шарты бар. Андан ары шарап сакталган жертөлөсүнө (тоннелге) электромобилдер менен кирдик. Узундугу 3 км, туурасы 5 м, бийиктиги 4.5 метр экен. Бул жерде ар кайсы доорлорго тиешелүү шарап маданияты көрсөтүлгөн. Ошондой эле бочкада шараптар сакталып тургандай. Бул жертөлөнү айланып чыккандан кийин, завод кызматкерлери бизге кургак кызыл, кургак ак шараптарынан, арагынан ооз тийгизишти. Шараптары сонун экен. Шарапты бокал менен, аракты 10 граммдык рюмка менен ичтик. Ошентип, агынан да, кызылынан да согуп алып, уйгурлардын ашканасынан тамактандык. Уйгурлар ыр-бий, шаан-шөкөт менен тосуп алышты. Этноуйгур ашканасы экен, биздин “Супара” этнокомплексиндей эле бар маданиятын, тарыхын көргөзмө катары ашканага коюшуптур. 3 күндөн бери кытай тамактарын, чөп-чарларын жеп, өзүбүздүн тамактарды сагынган экенбиз, аш, лагман, самсы, шашлык, айран, салаттарды сугунуп жедик да, “өх” деп өзүбүзгө келе түштүк. Курсакты кампайттык да Турпандан Үрүмчүнү көздөй жөнөдүк…
“Кяриз” этнопаркы
Туристтер жык толгон парк. Эски шаарды кыдырып, күнгө какталып, ысып-тердеген жаныбыз, ушул паркка келгенде “өх” дедик. Бул жер салкын экен. Паркка кире бериште эле уйгур маданиятын көрсөтүп, ырчы-чоорчулары ырдап, улуттук кийимчен кыз-жигиттер салттуу тосуп алышат. Уйгурлардын бизге тили окшош, бул жерге келгенде тилмечти да унутуп калдык. Өзүбүз парк аралап, сүрөткө түшүп, телефонду дагы толтурдук.

“Кяриз” деген “жер астындагы сугат каналы” дегенди түшүндүрөт. Бул этнопарк 1992-жылы негизделген. Ал 4А категориядагы туристтик аймак. Жалпы аянты-14 680 м2. Парк уйгур элинин салттуу маданиятын жана кяриз ирригациялык системасын чагылдырууга багытталган. 2024-жылы модернизация болгондон кийин бул Турпандагы биринчи иммерсивдүү тематикалык паркка айланган. Кызыгып, чыккың келбей жүрө берет экенсиң. Парк аймагынан 3 кяриз агып өтөт. 1-Янги-кяриз (“янги”-уйгурча “жаңы”), 2-Перстек-кяриз, 3-Миримбай-кяриз. Бул жерде туристтер ачык жана жер алдындагы каналдарды, суу чыгаруучу жерлерди, алардын ички моделдерин көрө алышат. Жер астына түшүп, байыркы сугат системасынын инженердик мыктылыгын өз көзүң менен көрө аласың. Ошондой эле макеттер, экспонаттар, анимациялык видеолор менен бул системанын тарыхы жана иштөө ыкмаларын кеңири түшүндүрүп беришет. Канал жээктеринде, илгери канал казган адамдардын курал-жарактары менен иштеп аткан эстеликтери коюлган. Айтор, бул жерге келсең көңүл ачып, уйгурлар менен бирге бийлеп, ырдап, алардын маданиятына шыктанып да чыгасың.


ЭКСПО “Кытай-Евразия” -2025
Үрүмчү шаарында “Кытай-Евразия” ЭКСПО-2025 көргөзмөсү болду. Көргөзмөнүн жалпы аянты 100 000 чарчы метрди түзөт. Кыдырып бүтө албайсың. Издегениңди ушул жерден табасың го. Ар бир өлкө өздөрүнүн мактанычтарын, бренддерин алып келишиптир.

Бул жарманкеде, жаңы өндүрүштөрдү, жаңы технологияларды жана продуктыларды көргөзүүгө басым жасалды. Кыргызстан бал, камчы, ала кийиз, коньяк, арак, улуттук кийимдерин алпарышыптыр. Кытайдын өнүккөнүн ушундан бил, айыл чарба ишканаларынан баштап, дрон, робот, чакан самолет, вертолетторунан бери коюшуптур. “Tesla”, “Youke” сыяктуу дүйнөлүк бренддер да жарманкеге катышты. Кыргызстан, Малайзия, Түркия, Беларусь, Кытай жана башка өлкөлөрдүн соода-өнөр жай уюмдары менен тармактык ассоциациялары жарманкеде көргөзмө, кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишимдерге кол коюшту. 40тан ашык ири иш-чаралар, экономикалык жана соода жыйындар өттү. Жарманкеге кытайлыктар, чет өлкөлүк-төр болуп 5000ден ашуун көрүүчүлөр, сатып алуучулар катышты. Баса, сооданы жарнамалоонун азыркы заманбап, онлайн+оффлайн ыкмаларын колдонуп, түз эфир менен транс-чек аралык электрондук соода павильонун түзүштү. Кытайдын жана чет өлкөлөрдүн атактуу интернет-жылдыздары чакырылып, товарларды жарнамалоо, көргөзмө менен таанышуу жана түз сатуу кызматтарын көрсөтүштү. Ар кайсы павильонго барсаң эле, тилпондорун маңдайына коюп алып эле бакылдап-шакылдап сүйлөп, тартып аткандарды көргөм. Булар дагы мага окшогон тилпон “жиндиси” го деп койгом. Көрсө, интернет –жылдыздар экен. Булар, “жарнамалап бер” деп чакырган мекемелердин павильонунда товарларды жарнамалап жаткан тура.
Айтор, Евразия өлкөлөрү бүт келген бул жарманке Кытай мамлекетинин өнөр жайы үчүн чоң бир мүмкүнчүлүк болду окшойт…
Асман ой
Сапар карыды. Учакта келатам. Булуттун үстүндөмүн. Бир көктү карайм, бир жерди карайм. Көк асман өзүнчө аалам. Жердеги адамзат көзгө көрүнбөйт. Байлыгың да, бийлигиң да, диниң да, бу көк асмандан көрүнбөйт. Булутту кара эй. Була сымал төшөлүп, асман-жерди бөлүп турат. Асман чексиз. Асмандан карасаң аалам тынч сезилет. А жер жүзүчү? Адамзат бөлүнүп атат, тирешип атат, согушуп атат, өлтүрүп атат… Асмандагы бир Кудайды алтыга бөлүп, дин талашабыз. А Кудайга мунун баары бир тыйын. Кудай үчүн кумурска сымал экенбиз дедим. Эмнеге араздашабыз? Эмнеге бөлүнөбүз? Эмнеге?…

Бир көктү, бир жерди карайм. Көктөн түшүп келатам. Асмандан телефонумдун сааты алмашты. Ии, өзүмдүн асманыма келген экем дедим. Жерге жакындаган сайын, жер көрүнөт, эл көрүнөт. Баягы жашоо… “Акыйкат издеп бүт дүйнөнү кездим. Акыры таптым. Көрсө ал өзүмдүн жанымда экен. Көкүрөгүмдө, жүрөгүмдө экен”-деп кайсы акылман айтты эле? Жаңылбасам, Кришнамурти айтса керек эле. А биз дале издеп жүрөбүз. Көкүрөк көңдөй, көөдөн уйгу-туйгу. Бирок, бир чындыкты билдим. Муну орустар, “В гостях хорошо, а дома лучше” деп коет. “Өз үйүң, өлөң төшөгүн” деп кыргыздар айтат. Тил билбесең башка өлкөдө дудук экенсиң. Бутту кенен сунуп, кенен жүрө албайсың. Кытайдан бизге керектүү жакшы жагын байкадым. Алар өз улутуна, өз мекенине бекем эл экен. Ар бир улут үчүн, мекениң, тилиң медер болуш керек. Биз да ошенткенде өнүгөбүз…
Керимбек АЙДАРОВ