Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, саясий илимдеринин кандидаты, “Кыргыз Туусу” гезитинде эки жолу башкы редактор болуп иштеген Бакыт Орунбеков жетектеген чыгармачыл топ түзгөн “Эркин Тоо” гезитинин (1924-2024) тарыхы” китебинин 3 томдугу жакында жарык көрдү. Гезитибиздин кызматкери Айгерим Качкынбекова ушул жыйнактын авторлорунун бири. Туңгуч басылмага байланышкан бул китептер Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен “100 жылдыкка 100 китеп” долбоорунун алкагында чыкты. Кыргыздын туңгуч гезитинин кылымдык тарыхына байланышкан жыйнактын автордук тобунун жетекчисинин макаласын сунуш кылабыз.
1924-жылы кыргыздын өз тилинде, туңгуч Улуттук басылмасы – “Эркин Тоо” гезитинин жарык көрүшү – ХХ кылымдын тарыхында алтын тамгалар менен жазылган маанилүү окуялардын бири болуп калды. Даңктуу гезиттин чыгып келатканына бир кылымдан өттү. 100 жыл кыргыз коомунда ургаалдуу өмүр сүргөн бүгүнкү “Кыргыз Туусу” (“Эркин Тоо”) гезити калк арасында кадыры чоң, сыймыктанарлык басылмалардын башында келатат.
Ошол улуу гезиттин басып өткөн улуу тарыхын жазуу бүгүнкү муундун вазийпасы деп түшүнүп, колго калем алып, жазууга бел байладык. Анын үстүнө тагдырдын буйругу менен эки жолу “Кыргыз Туусу” гезитин жетектеп калышым, бул милдетти аткарууга кошумча жоопкерчилик такты. Ошол жоопкерчиликти Кыргыз-Түрк “Манас” университетин бүтүргөн журналист шакирттерим менен чогуу ишке ашырдык.
Ошентип “Эркин-Тоо” деген улуу ат менен төрөлүп, кийин “Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан”, “Кыргыз Туусу” аталып келген даңктуу гезиттин 100 жылдык тарыхы жазылды. Туңгуч басылманын басып өткөн жолу, ишмердүүлүгү жөнүндө көп жылдык иликтөөлөрүбүздү, талдоолорубузду жыйынтыктасак төмөндөгүдөй корутундуларды айтсак болот:
Элди сабаттуулукка үндөгөн…
Биринчиден, “Эркин-Тоо” (“Кызыл Кыргызстан”) гезити 1927-1940-жылдар аралыгында Советтер Союзунун карамагындагы Кыргыз республикасында жүргөн туташ коллективдештирүү, жер-суу реформасы, көчмөн чарбаларды отурукташтыруу, колхоздоштуруу, кулактарды, бай-манаптарды тап катары жоюу, калктын сабатсыздыгын жоюу, эл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган беш жылдык пландар, өлкөнү индустриялаштыруу саясатынын чыныгы жарчысы болгон. В.И.Ленин баштаган Октябрь революциясынын койгон максаттарын, талаптарын массага жеткирүүдө, маалымат таратууда жана аларды ишке ашырууда улуттук басма сөздүн болушу партиянын ишин кыйла жеңилдеткен.
“Кызыл Кыргызстан” гезити улуттук басма сөздүн түптөлүшүнө, журналистиканын тармагына чыйыр салуу менен кесипкөй адистерди даярдоонун, тарбиялоонун мектебине айланган, ошону менен бирге искусство, адабият тармагын өнүктүрүүгө түздөн-түз салым кошкон. Кыргыз совет адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн дээрлик көбү убагында “Кызыл Кыргызстан” гезитинде кабарчы болуп иштеп, тажрыйба топтоп, тарбияланып чыгышкан. “Эркин-Тоо” гезити өз заманында Лениндин осуятын аткарып, «коллективдүү агитатор, жалындуу пропагандист жана массанын уюштуруучусу болгон.
“Бардыгы фронт үчүн, бардыгы жеңиш үчүн”
Экинчиден, “Кызыл Кыргызстан” гезитинин 1941-1945- жылдары мазмуну ошол мезгилдин негизги духу – пропагандалык, чакырык мүнөздө болгон. Улуу Ата Мекендик согуштун мүнөзүн ачып көрсөтүүдө газета согуштун биринчи күнүнөн тартып, Москвадан чыккан борбордук “Правда”, “Известия”, “Красная звезда” гезиттеринин баш макалаларынын, партия менен өкмөттүн жетекчи ишмерлеринин сүйлөгөн сөздөрүн, макалаларын такай жарыялап турган. Мисалы, Сталиндин сөздөрү, кол койгон документтери, компартиянын башчыларынын кайрылуулары сыяктуу
маалыматтар көп кездешет. “Кызыл Кыргызстандын” алдына коюлган эң зор милдет – совет элин фашизмге каршы уюштурууда жана мекенди коргоого мобилизациялоодо партия менен өкмөткө эбегейсиз жардам көрсөткөн.
Согуш мезгилиндеги макалаларды жарыялоодо гезиттен фронттогу жеңиштерди, жоокерлердин эрдиктерин гана окуй алабыз. Тарыхтан кийин белгилүү болгон атамекендик согуш совет эли, анын ичинде кыргыз эли үчүн көптөгөн кыйынчылыктарды, оор күндөрдү, жоготууларды алып келген фактыларды гезит бетинен кездештиребиз.
“Бардык өлкөлөрдүн пролетариаттары бириккиле!”
Үчүнчүдөн, тарыхка “эл чарбасын калыбына келтирүү мезгили” деп кирген 1945-1960-жылдарда “Кызыл Кыргызстан” гезитинин негизги мазмунун бүлүнгөн чарбаны калыптандыруу жаатында идеялык-пропагандалык маа-
лыматка бай материалдар байма-бай ээлеп, советтик идео-логиянын коммунисттик маанайдагы ураандары, чакырыктары, партиялык иштер, чет элдик кабарлар, адабий-маданий жаңылыктар, колхоздогу калктын күжүрмөн эмгектери даңазаланып келген. Гезит бир гана саясий куралдын кызматын аткарбастан, ошол эле учурда элди ынтымактуулукка, башка союздук республикалар жана социалисттик мамлекеттер менен болгон достук мамилелерди чыңдоого чарчабай чакырып турган.
Советтер Союзу аялдарга теңдик укукту алып келгендиги белгилүү. Гезитте аялдардын коммунисттик коомдун активдүү куруучулары экендиги баса белгиленген. Ошондуктан аялдар арасында дайыма саясий-тарбия жумуштарын жүргүзүү, алардын иштөөлөрү үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү, аялдарга карата болгон феодалдык калдыктарга катуу күрөш жүргүзүү – партиялык уюмдардын эң маанилүү милдети экендиги гезитте үзгүлтүксүз айтылып келген.
“Кызыл Кыргызстан” гезити аталган жылдары СССРдин ички-тышкы саясаты жалпы элдин, бардык улуттардын колдоосуна ээ болгондугун ишенимдүү көрсөткөн басма сөздүн алдыңкы сабында турган. “Бардык өлкөлөрдүн пролетариаттары бириккиле!” деген ураан астында чыккан ар бир гезит марксизм-ленинизмди тынбай пропагандалаган.
Улуу Ленинге 100 жыл!
Төртүнчүдөн, 1960-1970-жылдар аралыгында “Советтик Кыргызстандын” окурмандары жыл өткөн сайын артканын ага болгон жазылуунун санынан байкоого болот. Жалпы Кыргызстанга тараган гезитке макалаларды көбүнесе өз кабарчылар, атайын кабарчылар жана аймактагы кабарчылар жазып турган. Ошондой эле штаттан тышкаркы кабарчылардан тарта, жогорку окуу жайдын студенттери, карапайым дыйкандар, айыл, колхоз, совхоздун башчылары, анда иштеген кызматкерлер, кайсы бир тармактын адистеринин материалдары гезит бетине көп жарыяланып турган.
Гезитте “Партиялык турмуш”, “Редакцияга кат”, “Китеп текчесинде”, “Аба ырайы”, “Маданий турмуштун хроникасы”, “Кыска кабарлар”, “Спорттук хроника”, “Эл аралык обзор”, “Эл ичинде эмне кеп”, “Төгөрөктүн төрт бурчунан”, “Адабият жана искусство”, “Партиялык турмуш”, “Кыргыз керемети”, “Кызыктар дүйнөсүндө” өңдүү рубрикалар байма-бай чыгып келген. Мында чет элдик кабарлар көбүнесе ТАСС агенттигинен алынып, которулуп жарыяланып турган.
СССРде, анын ичинде Кыргызстанда бир топ маанилүү окуялар, даталар, юбилейлер гезиттин негизги темаларына айланган. 1960-жыл жаңырары менен Улуу жолбашчы В. И. Лениндин 90 жылдыгы, 1970-жылы 100 жылдыгы бир гана СССРде эмес бүт ааламда масштабдуу майрамдалган. Ошол эле жылы космоско биринчи адам – Юрий Гагарин учкан. 1962-жылы Токтогул ГЭС курула баштап, жеринен атайын репортаждар байма-бай гезит бетине жарыяланып турган. 1963-жылы Кыргызстан Россиянын составына кошулганына 100 жылдыгы ж.б. юбилейлик мааракелер белгиленген.
Гезит беттеринде марксизм-ленинизм идеялары пропагандаланган, чакырык маанайдагы макалалардан тартып илим-билим жаатындагы, агартуу тармагындагы, спорт, дүйнөлүк жаңылыктар, СССР курамындагы өлкөлөрдө болгон ар тармактагы кабарлар, макалалар жарык көрүп турган.
Туңгуч басылма “Советтик Кыргызстанда” орус тилинин мааниси, коомдогу орду жөнүндө макалалар жарык көрүп, анда авторлор СССРдеги улуттар, дүйнө жүзүнүн көп эли орус тилин үйрөнүүгө чоң көңүл буруп жатышкандыгын да баса белгилеп көп жазышкан. Орус тилине болгон мамиле мурунку жылдардагыдан да күчтүү боло баштаган.
1970-жылдын башынан газетадагы макалаларда орусча сөздөрдүн кыргызчага которулбастан көп колдонулганын көрөбүз. Мисалы, “генеральный”, “село”, “подборка” деген жана башка ондогон сөздөр, терминдер кыргызчага которулбастан орус тилинде гана жазылганын кездештирүүгө болот. Ошентсе да 1980-жылдары кыргыз тилине болгон мамиле өзгөрө баштаганы байкалат. Гезитте “родина – ата мекен”, “генеральная линия – башкы багыт”, “дисциплина – тартип, “наставник – насаатчы”, “оборот — жүгүртүү”, “содружество – достук, кызматташтык” ж.б. сыяктуу сөздөрдү кыргызчалатууга аракеттер болгон.
1970-жылдары гезиттеги “Адабият жана искусство” руб-рикасы активдүү жарыяланганын байкайбыз. Анда маданият жана искусство жаатында, кыргыз акын-жазуучулардын чыгармалары байма-бай жарыяланып келген. Гезитте даталуу күндөрдү, улуу акындардын юбилейлерин ыр менен берүү салтка айланган десек болот. Аталган рубрикада кыргыз акын-жазуучулардын чыгармаларынан тышкары, чет элдик улуу инсандардын чыгармалары да окурмандарга тартууланып турган.
“Кайра куруу багыты менен”, “Айкындуулук”
Бешинчиден, “Советтик Кыргызстан” гезитин 1980-1990-жылдар аралыгында расмий жолугушуулар, съезддер, өлкө башчыларынын докладдары көп учурда өзгөртүлбөстөн толук бойдон чыгып турган. “КПСС Борбордук Комитетинде”, “СССР Министрлер Советинде”, “Партиялык Конференциялардан” ж.б рубрикалар астында макалалар гезиттин бир санын толук ээлегени көп кезигет.
Аталган он жылдыктын биринчи жарым жылдыгында социалисттик эмгектин мелдештери, планды ашыгы менен, мөөнөтүнөн мурда аткаруу тематикасындагы макалалар көп жарыяланган. Гезитте “Партиянын азык-түлүк программасын ишке ашыралы”, “Атаандаштардын арымы”, “Мал кыштатууну ийгиликтүү өткөрүү үчүн”, “Жаштарды эмгекке тарбиялоо”, “Кызылтуулуу коллективде”, “Эч нерсе, эч ким унутулбайт” ж.б. эски рубрикалар туруктуу бойдон кала берген.
СССРдин жетекчилигине М.С. Горбачевдун келиши менен 1985-жылдан кийин гезитте “Кайра куруу багыты менен”, “Айкындуулук”, “Тездетүүнүн жогорку чектерине карай”, “Эффективдүүлүк жана сапат” деген ж.б. жаңы рубрикалар менен макалалар көп жарыяланып турган. Гезиттин 1990-жылдагы нускасы 180 миңге жеткен. Кыргыз басма сөзүнүн тарыхында мындай көп нускалуу гезит болгон эмес.
“Кайра куруу” жылдары журналисттик кесипке, кабарчылардын ишмердигине байланышкан материалдардын саны да көп болуп, басма сөздү талдоо, редакция ишмердигине баам салуу жаатында ар кандай сурамжылоолор, атайын беттер ачылган.
“Советтик Кыргызстан” гезити советтик системанын, компартиялык саясаттын, анын жетекчилеринин кабыл алган чечимдерин, баштаган багыттарын, идеяларын пропагандалоо жана агитациялоонун башкы куралы, каражаты катары ак кызмат кылган башкы басылма боюнча кала берет.
Көз каранды эмес Кыргызстандын башкы жарчысы
Алтынчы, “Кыргыз Туусу” гезити көз каранды эместикти алган жылдары (1991-2024) Кыргызстандын өнүгүүгө багытталган кадамдарын, демократиялык шай-лоолор, саясий партиялардын күрөшү, социалдык-экономикалык реформалар, улуттук кайра жаралуу кыймылдары, өлкөдөгү саясий туруксуз абалдар ж.б. окуяларды ар тараптуу чагылдырган. Айталы, 2001-2010-жылдардагы саясий бийликтеги төңкөрүштөр, президенттердин (Акаев, Бакиев) өлкөдөн качышы, Аксы окуясы, 2010-жылдагы 7-апрель кандуу окуясы, Ош окуясы, чет өлкөлөр менен ынтымактуу алаканын чыңдалышы, мамлекетти башкаруу формаларынын өзгөрүшү ж.б. чагылдыруу менен биргеликте элди биримдикке, сабырдуулукка жана ынтымакка чакырып турган. Бир сөз менен айтканда, кылым карыткан “Кыргыз Туусу” Кыргызстандын көз каранды эместигин өнүктүрүүнүн, чыңдоонун башкы жарчысы боло алган.
Бакытбек ОРУНБЕКОВ,
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, саясий илимдеринин кандидаты,


Бул китептин ичиндеги изилдөөлөр баары студенттердин жумуштары, аны Орунбеков өзүнүкү кылып китеп кылып алыптыр уят эле!!!