whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүUNESCO жана Кыргызстан: маданият аркылуу жакындашуу

UNESCO жана Кыргызстан: маданият аркылуу жакындашуу

Ушул тапта Өзбекстандын Самарканд шаарында Борбор Азиядагы эң ири эл аралык маданий-илимий окуялардын бири – UNESCOнун 43-Жалпы конференциясы өтүп жатат. Бул ири жыйынга дүйнөнүн 190дан ашуун өлкөсүнөн 5 миңден ашык делегат, анын ичинде мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар жана маданий уюмдардын жетекчилери катышууда.

Конференциянын ачылышы 30-октябрда болду. Иш-чаранын алкагында панелдик талкуулар, жаштар форуму жана тренингдер, маданий көргөзмөлөр жана презентациялар, аймактык кызматташтык боюнча жумушчу сессиялар, мастер-класстар уюштурулган.

Анда негизги темалар катары: билим берүү, маданий мурастарды сактоо, жасалма интеллект, экологиялык туруктуулук жана гендердик теңчилик ж.б. кирген. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев ачылыш аземде Самаркандды «маданияттар жана илимдер жолугушкан шаар» катары сыпаттап, Жибек жолунун руханий мурастарын дүйнөлүк өнүгүү менен байланыштыруунун маанисин белгиледи.

Буга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана бир тууган Өзбекстан элине ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын ачылышы менен куттуктоо жолдоду.

Президенттин билдирүүсүндө белгиленгендей, бул жыйын Борбор Азия үчүн тарыхый мааниге ээ жана 40 жылдан кийин Парижден тышкары өтүп жаткан биринчи конференция болуп эсептелет. Садыр Жапаров байыркы Самарканд шаарын илимдин, билимдин жана маданияттын борбору катары баалап, иш-чаранын аймактагы маданий жана гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ал ошондой эле Өзбекстан элине форумду ийгиликтүү өткөрүүнү, жемиштүү талкуулар жана конструктивдүү чечимдерди каалады.

Самарканддагы жыйынга Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү да катышты. Кыргыз делегациясы бул иш-чаралардагы жолугушуулар аркылуу UNESCO, Европа жана Азия өлкөлөрү менен биргеликте региондук долбоорлорду ишке ашыруу, жаштардын жана илимий чөйрөнүн катышуусун кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Аны менен катар КРнын Президентинин Кеңешчиси Арслан Койчиев UNESCOнун Башкы директору Одрэ Азуле менен жолукту. Жолугушууда Кыргызстан менен UNESCO ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, Борбор Азиядагы маданий байланыштарды чыңдоо ошондой эле, 2026-жылы өтө турган Ысык-Көл форумунун келечектеги багыттары тууралууу маселелерди талкуулашты.

UNESCOнун Башкы директору Одрэ Азуле айым регионалдык диалогдун ролун белгилеп, Борбор Азиянын элдерин бириктирген маданий баалуулуктар глобалдык тынчтык жана туруктуу өнүгүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Эске салсак, 2026-жылы Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген Ысык-Көл эл аралык форуму өзүнүн 40 жылдык мааракесин белгилейт. Президент Садыр Жапаров тиешелүү буйрукка кол коюп, уюштуруу комитетин түзгөн.  Форумдун максаты – адамзаттын руханий өнүгүүсүн, маданият менен илимдин өз ара байланыштарын, прогрессивдүү этиканы жана экологиялык көйгөйлөрдү талкуулай турган ачык эл аралык аянтча катары өнүктүрүү.

Самарканддагы жыйын жана алдыдагы Ысык-Көл форуму – Чыңгыз Айтматов баштаган эл аралык руханий диалогдун жаңы этабы. Бул эки окуя Кыргызстанды маданий дипломатиянын жана эл аралык кызматташтыктын активдүү борборлорунун бири катары көрсөтүп, өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын дүйнөлүк аренада ачып бермекчи.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар