Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыБелем шаарында COP30 климаттык саммитинен активисттер чечкиндүү кадамдарды күтүшөт

Белем шаарында COP30 климаттык саммитинен активисттер чечкиндүү кадамдарды күтүшөт

Бул жумада Бразилиянын Белем шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун 30-Климаттык конференциясы (COP30) башталды. Саммитке дүйнөлүк лидерлер, илимпоздор жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Форумдун алдында экологиялык активисттер Рио-де-Жанейродо “Планетаны булгаган төлөсүн”, “Токойлорду жана адамдарды коргоңуздар” деген чакырыктар жазылган жарык инсталляцияларды орнотушту. Алар саясатчыларды климаттын өзгөрүшүнө каршы чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырышты.

БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасы жарыялаган акыркы докладда, учурдагы эл аралык милдеттемелер глобалдык ысыкты токтотууга жетишсиз экени белгиленген.

Саммиттин алкагында өлкөлөрдүн жаңы климаттык аракеттер боюнча улуттук пландары жана парник газдарынын бөлүнүшүн азайтуу чаралары талкууланууда.

Белгилей кетсек, конференциянын алдынан Евробиримдик өлкөлөрү 2040-жылга чейин атмосферага зыяндуу заттарды 1990-жылдагы деңгээлге салыштырмалуу 90%га кыскартуу максатын макулдашты.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар