Турдакун Усубалиевдей жетекчи оңой менен жарала бербейт.
Андай адамды кыргыз эне дайыма төрөбөйт.
Асанбек Стамов.
Эки инсанга, ошол ишке аралашкан жогорку даражадагы айрым жетекчилерге, изилдөөчүлөргө гана жакшы белгилүү, бирок көпчүлүккө толук белгисиз себептерден улам Михаил Горбачев СССР империясынын жогорку бийлигине келгенден тарта Усубалиевди кызматтан кетирүү аракетин баштайт. Ал мезгилде паракорлук, көз боёмочулук деген илдеттер менен күрөш катуу пропагандаланып, союздук республикалардын көбүндө, ири ишканаларда, айрыкча айыл чарбасында жана соода тармагында чуулгандуу кылмыш иштери ачылып, тергеле баштаган. Прессада Горбачевдун тазалануу, жаман илдеттерден арылуу саясатын мактаган кампаниянын арааны катуу жүрүп турган кези. Кыргыз ССРинде да паракорчулук жана көз боёмочулук менен күрөш жүрүүгө тийиш эле. Ушул максатта КПСС Борбордук
Комитети 1985-жылы Кыргызстанды туташ текшерүүгө алат. КПСС БК экинчи катчысы Е.К.Лигачевдун жеке көрсөтмөсү менен Борбордук Комитеттин тармактык бөлүмдөрү, союздук министрликтер республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн кылдат иликтеп, кемчилик издейт. Бир жыл ичинде 50дөн ашык текшерүү жүрөт, ондогон ведомство аралык комиссия, укук коргоо органдарынын оперативдик-иликтөө иштери, айтор республиканын жетекчиси Усубалиевди калган союздук республикалардын биринчи катчыларындай эле кылмыштуу иштери үчүн ашкерелөө далалаты өкүм сүрөт. Паракорчулук, кашайгыр коррупциялык иштерге аралашкан фактыларды таппай бир топ кыйналышат. Жемкорлук иш таппаган соң, башка нерсе издеп, акыры табышат. Жетишкендикти кемчиликке айлантышат. Усубалиевге болгон кысым жана куугунтуктоо ал биринчи катчы кезинде эле башталган. Алгачкы ири чабуул Усубалиев курдурган имараттардан башталат. Аны кызматтан алаарда Москвага чакыртышып, Фрунзенин борбордук аянты, ак мармар, сары таш чапталган имараттарды бетке кармап, “республиканын борбор калаа-сын мармар капталган ак шаарга айлантам деп ысырапкорчулукка барды, өзүмбилемдик кылды” деген сыяктуу айыптар тагылат. Москвадагы бир топ кооз имараттар Кыргызстандын мармары менен капталган. Москва, Ленинграддагы метрополитен кыргыз мармары. Бирок мармар, гранит таштар Кыргызстанга жарашпайт имиш. Анткени республиканын статусу жол бербейт экен. “Москвага жарашат, а Кыргызстан кенедей республика, андыктан кооз мармар имаратсыз эле күн көрсө болот”1. Ушул сандырак кепти олуттуу айткан борбордогу партфункционерлерге Кыргызстан башка республикалардай эле суверендүү союздук республика, өзүнөн чыккан мармар таштан өз акчасына имараттарды курууга акысы бар деген жүйөнү айтат. Кыргызстан кымбат таштарды тыштан ташып келген эмес. Гранит таштар экспорттун бир булагы болчу. Курулушка жумшалган акча каражаты да экспорттон түшкөн. Мисалы, республика 70 миң чарчы метр чаптама таш, 30 миң кубометр гранит блокторун экспорттогон. Экспорттун географиясы социалисттик мамлекеттер менен чектелген эмес, Италия, Жапония, Финляндия сыяктуу капиталисттик өлкөлөргө да сатылып турган. Өзүбүздүн таштан өзүбүздүн акчага курулат. Имараттарды курууну макулдашууда Усубалиев ушул жүйөлөрдү да
келтирген2.
Баарынан кызыгы, Москвадагы партиялык кызматкерлер гана эмес, рес-публикадагы кызматкерлердин жоон тобу да ошондой ойдо болгон. Кыргызстандын компартиясынын 1986-жылы 23-24-январда XVIII съездиндеги докладда “Борбордук Комитеттин жана министрлер советинин имаратын курууда чоң жаңылыштыктарга жол берилген, республиканын борборун мармар калаага айлантуу аракети жасалган”3. ОБХССтин оперкызматкеринин маалыматынын негизинде тергөөчүнүн айыптоосуна окшогон ошол доклад “Известия ЦК КПСС” деген журналга жарыяланып, көпчүлүк жыртып окуган.
“Калп канчалык бетпактык менен айтылса, эл ошончолук тез ишенет”. Фашисттердин идеологу Геббельстин ушул ыкмасы Усубалиевди айыптоо, күнөөлөдө абдан чеберчилик менен колдонулгандыктан, эмдигиче ошол калптарга ишенгендер аз эмес. Мындай айыптоолорго чейрек адам чыдайт. Усубалиев долуланып, жер тепкилеп же чөгүп кеткен эмес. Ишинин ак экенин билген, иши менен сыймыктанган: “Кыргызстанга татыктуу иштер жасалды, имараттар курулду. Мени айыптап жаткан курулуштарга менин тиешем бар экенине сыймыктанам”4. Акылга сыйгыс айыптоолорго Усубалиев ошол учурда да, кийин да өзүнө мүнөздүү ыңгайда так, аргументтүү жоопторду кайтарат. Ооба. Ал кезде СССР Мамлекеттик пландоо комитетинин уруксаты жок эч нерсе курулчу эмес. Усубалиев сунуштарын ынанымдуу эсептер менен бекемдеп, Борбордук Комитеттин жана Министрлер советинин уруксатын алган. Ар бир имарат, анын материалдары, мармар таштар да макулдашылган. Маселен, Борбордук аянттагы имараттардын ансамбли КПСС БК Иш башкармалыгынын көзөмөлү астында жүргүзүлгөн. Уруксат берээрин берип алып, кайра салынган имараттар үчүн өзүмбилемдикке айыптоо эч бир логикага сыйбайт эле. Мармар таштар эстетикалык баалуулуктан карандай өндүрүштүк мааниси бар. Анткени курулушту долбоорлоо институттары, адистер Кыргызстандын шартында гранит, мармар сыяктуу таштар менен чапталган имараттар бекем болоорун, кескин континенталдык климатка чыдамдуу келээрин тастыкташкан. Андан тышкары, мармар, гранит чапталган имараттарды жылына көп акча сарптап оңдоонун кажети жок. 30-35 жылда бир оңдоо керек, туура пайдаланып, жууп-тазалап койсо жетиштүү. Усубалиевдин мармар имараттары экономикалык, курулуш-техникалык жана архитектуралык эсептерге негизделгенин мезгил өзү тастыктады. Бирок Усубалиев салдырган социалдык-экономикалык объекттер кайра өзүнө каршы чабуулда куралга айланды. “Карапайым эл жашаганга үй жок кезде Усубалиев хансарайларды салдырды”. Ушундай ат менен макалалар жарыяланып, телерадио какшай баштады. Аныгын билген киши аз, чындыкты айтып, андай эмес деген адам андан бетер аз, жокко эсе. А чындыгында Фрунзеде эле Усубалиев иштеген соңку беш жылда 512 миң турак жай пайдаланууга берилет, республика боюнча 2,5 миллион адам үй-жайга ээ болот. 70-жылдары 50 миллион чарчы метр турак жай курулган. Ошол кездеги статистика комитетинин бюллетенинде ушундай маалыматтар берилет5.
Баарынан кызыгы, эгер Усубалиев хан сарайларды салды, кымбат курулуштарды курду, керексиз жолдорду салды деп айыпталса, так ошол объектилер кайсы бир советтик-партиялык ишмерлерди даңазалоодо пайдаланылды. Ишканаларды, имараттарды курган Усубалиев жаман, ал эми ошол объектилер курулуп жатканда кызматта иштегендер баатыр аталды. Демилгечи, жетекчи, курдурган Усубалиевдин ысымы аталбай, кол астында иштеген парткызматкерлер макталды. Курулган имараттар Усубалиевди айыптоодо куралга айланганы бир жөн. Имараттарды куруу оңойго турган эмес. Мисалы, Бишкектеги азыркы борбордук аянтты курууда аягы жаман бүтүшү мүмкүн чоң тоскоолдукка кептелген. Ушул азыр Мамлекеттик тарых музейинин имараты турган аянтта Коопсуздук комитетинин 3 кабат имараты да бар эле. Дал ушул имаратта кыргыздын эң мыкты инсандары, кыргыз мамлекетин калыбына келтирген кайрандар камалып, репрессияланган. Эски имараттар менен бирге аны да бузуу зарыл болчу. Ансыз архитектуралык ансамбль жаралмак эместигинен тышкары, саясий мааниси бар эле. Кичинекей республиканын биринчи катчысы СССРдеги эң кубаттуу мекеменин имаратын бузам деп отурушу эмне деген тобокелчилик. Бирок саясатта акыл, билим керек, Лениндин музейин салам деген аргументти бетке кармап, акыры тоскоолдукту жеңип, Борбордук Комитет макул болот, комитетке башка заманбап имарат салынат деген жүйө менен КГБ кол салбай, тынчып калат.
Усубалиевге чейин республиканы кыргыздын дагы бир чыгаан атуулу Исхак Раззаков башкарган. Элдин бактысына, өлкөнүн таалайына андан кийин Усубалиев дайындалды. Т.Усубалиев табиятынан жаратман адам. Усубалиевдин алтын доорунда республика дүркүрөп өстү. 150дөн ашык ири өнөр жай объектиси, анын ичинде Токтогул, Үч-Коргон, Күрп-Сай, Ат-Башы, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ГЭСтери, Бишкек жана Ош шаарларында жылуулук-электр станциялары курулуп, электр энергиясын өндүрүү 12 эсеге өсөт. Камволдук-нооту комбинаты, жибек комбинаты, байпак, кездеме, бут кийим, тери иштетүүчү ири ишканалар, машина заводдору, “Аалам” конструктордук бюросу, прибор куруучу завод, аскердик куралдарды, жогорку технологиялык тетиктерди, бургулоочу станокторду жасоочу заводдор, Кант цемент-шифер ишканасы, Майлы-Суу электр-лампа заводу, айнек заводдору сыяктуу ири өнөр жай ишканалары, “Манас” аэропорту сыяктуу инфраструктуралык объектилер салынган. Усубалиевдин убагында курулган объектилерди саноо ондогон барактагы узун тизмени талап кылат. Ар бири өзүнчө тарых, ар бири өлкөнүн социалдык, маданий жана экономикалык өнүгүшүнө мааниси бар ишканалар, окуу жайлар, театрлар, музейлер. “Башкы архитектору”, “респуб-ликанын башкы прорабы”, “башкы инженер”… Ушундай лакап ысымдар менен сыймыктанып аташчу архитекторлор, курулушчулар, адистер биринчи катчы Усубалиевди.
Анын доорунда Кыргызстан ири экспортерго, анын ичинде бир нече капиталисттик өлкөлөргө өнөр жай товарларын экспорттогон өнөр жай борборуна, артта калган агрардык республикадан индустриалдык-агрардык өлкөгө айланат. Эгер 1960-жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн өнөр жай товарлары 9 гана өлкөгө экспорттолсо, 1980-жылдары өнөр жай товарларынын экспортунун географиясы абдан кеңейип, Европанын 19 мамлекетине, Азиянын 18 өлкөсүнө, 16 Латын Америка жана Африка өлкөсүнө, бардыгы 53 мамлекетке экспорттолуп турган. Экспорттолгон товарлардын курамы да ар түрдүү: электротехникалык жабдыктар, так приборлор, космикалык тетиктер, технологиялык шаймандар, станоктор, электр кыймылдаткычтар, айыл чарба машиналары, жеңил өнөр жай товарлары ж.б.
Усубалиевдин доорунда маданият, көркөм өнөр, илим-билим дүйнөлүк масштабга чыкканы талашсыз. Көркөм адабият ааламга таанылды, кино өнөрү “кыргыз керемети” аталды, музыкада шедеврлер жаралды, опера атактуу сценаларда жаңырды, балет классикалык деңгээлге улуттук айчырай менен чыкты, айтор дүйнө кыргыз маданиятынын мыкты үлгүлөрүнө күбө болду.
Асанбек Стамов таамай жазгандай, чейрек кылым республиканы жетектеген Усубалиев кызматтан кеткенде “уча турган канатынан башка эч кандай артыкбаш байлыгы жок шумкар сымал таза чыккан”. Сууган аргымактай чыйрак чыккан, ашыкча жетелегени жок салт атчан чыккан. Өзү гана эмес, республиканы да таза кармаган. Анын жеке керт башына байланыштуу не деген айыптарды коюшту, бирок асты жегич-ичкич, казынага кол салган колу туткак, паракор деген айып коё алышкан эмес.
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгү калыбына келген кезде да Усубалиев элге кылган кызматын улантты. Саясий, мамлекеттик ишмердигин башка деңгээлде жүргүздү, акылман аксакал катары көч башы болду. Тынымсыз иштеди. Мамлекеттин өнүгүүсүнө, элдин жыргалчылыгына, өлкөнүн коопсуздугуна арналган демилгелердин башында турду. Чоң маселелерди козгоп, тагдыр чечүүчү проблемалар боюнча сунуштарын макалаларында, каттарында жазып, сүйлөгөн сөздөрүндө айтты. Депутат катары эң керектүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, сунуштады, парламентте колдоду, ички-тышкы коомчулукту ынандырды. Усубалиев демилгелеген мыйзамдар алигиче актуалдуу, стратегиялык мааниге ээ. Мисалы, Усубалиевдин суу жана суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча демилгелери азыр актуалдуу, келечекте да зарыл. Ал сууну товар катары эсептеп, аны тышка сатуу тууралуу мыйзамдын автору. Суу башы болгон, бирок бул эбегейсиз байлыкка толук ээлик кыла албай келген Кыргызстан үчүн суу стратегиясы – мамлекеттик суверенитеттин негизги проблемасы. Кыргызстан региондогу жана дүйнөдөгү кубаттуу державага айланабы же чабал өлкө бойдон калабы, эл аралык мамилелердин активдүү, таасирдүү субъектиси болобу же геосаясаттын пассивдүү объектиси бойдон калабы, өз байлыгына өзү ээ өнүккөн мамлекет болобу же колунан кутун качырган, оозунан жемин алдырган бечара кейпин киеби? Дал ушундай түйүндүү суроолордун жандырмагы сууга жана аны пайдаланууга байланыштуу. Турдакун Усубалиев ушул маселелерди терең талдап, кашкайган фактылар, дүйнөлүк тажрыйба, эл аралык келишимдер менен бекем негиздеп, Жогорку Кеңештин чечимин кабыл алууга жетишет. Анда эң башкысы сууга акы алуу тууралуу чечим кабыл алынат: “Поручить Правительству Кыргызской Республики, опираясь на международный опыт по водопользованию и в целях обеспечения сохранения в надежном техническом состоянии и эксплуатации межгосударственных гидроузлов, установить плату за воду, подаваемую соседним государствам для сельского хозяйства и промышленности, коммунально-бытовых нужд, в первую очередь из Токтогульского, Кировского, Орто-Токойского и Папанского водохранилищ, а также из малых рек Ошской и Джалал-Абадской областей, из которых подается вода для Ферганской долины Узбекистана и Таджикистана, а также Курдайского и Меркенского районов Казахстана”6.
Усубалиев суунун баркын жакшы билген республиканын жетекчиси катары анын кызыкчылыктарын коргоого башын байлаган ишмер. Казак ССРинин 1964-1986-жылдардагы биринчи катчысы Динмухаммед Кунаев Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарын Казакстанга каратуу, Өзбек ССРинин жетекчилиги 1955-жылдан 1961-жылга чейин Соң-Көлдүн суусун Нарынга, Ысык-Көлдүн суусун Чүй дарыясына агызып алуу аракеттерине каршы турган. Борбордук Комитеттин саясий бюросу стратегиялык пахтаны жана дан эгиндерин өндүргөн ири республикалардын демилгесин колдогонуна карабастан, Усубалиев бекем аргументтер менен Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоп калган. Ал кезде Саясий бюронун чечимине каршы чыгуу кызматтан ажырамак тургай өлүмгө тете эле. Ошол кармашта тунук акыл, терең билим, кашкөй эрдик, атуулдук намыс гана Усубалиев-дин куралы, жан жолдошу болгон.
Ошентип, кечээки жетекчи калган өмүрүн өлкөсүнө арналган иш менен өткөрдү. Жакшы жашады, татыктуу өмүр сүрдү. Жамандыгын көрсөткөнү жок, кек сактап, бирөөнү куугунтуктабады. Асылды асыл чалбайт, ак сөөк жамандыкка барбайт. Туура, ыгы жок асылгандарга документтер, фактылар, аргументтер менен жооп берди, бирок алардын көрпенде деңгээлине түшпөй, башын бийик көтөрүп, боюн таза кармады, кутумдардан оолак болду. Өмүрүнүн акырында алдан-күчтөн тайганын билдиргиси келбеди, жетекчиликтен суранбады, жеке маселесин айтып, дооматын артпады, нарк билги, кутман адам экенин билгизди. 1998-жылы 80 жылдык маа-ракесин өткөрүүгө да каршы чыгып, мамлекеттин эсебинен той кылуу туу-ра эмес деп да бир нарк сабагын көргөздү журтуна. Ысымын географиялык же кайсы бир объектилерге ыйгаруу маселесине да караманча каршы турду.
Турдакун Усубалиевдин доору – өлкөнү мамлекеттик иштин алпы башкарган ренессанс доор, эмдигиче түгөтө албай жаткан эсепсиз байлык түптөлгөн жаратман доор.
Алмаз Кулматов, Кыргыз Туусу


