Таштанды — көйгөй эмес, мүмкүнчүлүк

0
10410

Кыргызстан — тоолуу, суусу мол өлкө. Бирок акыркы жылдары электр энергиясынын жетишсиздиги түйшүккө салып келет. Айрыкча кыш күндөрүндөгү абал баарына белгилүү. Мындай учурда альтернативдүү энергия булактарын издөө — өлкөнүн стратегиялык максаты болуп калды. Алардын ичинде таштандыдан энергия алуу (Waste-to-Energy) – экологиялык да, экономикалык да жактан эң келечектүү багыттардын бири.

 Таштандыдан энергия алуу – жаңы багыт

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, төгүлүп жаткан таштандылар— жөн гана экологиялык көйгөй эмес, энергия булагы да болуп бере алат. Бул технология Waste-to-Energy (WTE) деп аталат жана үч негизги ыкма аркылуу иштейт:

  1. Күйгүзүү (инсинерация) Бул ыкмада таштандылар атайын заводдордо жогорку температурада өрттөлөт. Натыйжада бөлүнүп чыккан жылуулук сууну бууга айлантат. Ал эми буу турбиналарды иштетип, электр энергиясын өндүрүүгө же имараттарды жылытууга (жылуулук энергиясы) колдонулат. Бул эң кеңири таралган ыкмалардын бири.
  1. Биогаз өндүрүү(Анаэробдук ачытуу) Органикалык калдыктар, мисалы, тамак-аш калдыктары, малдын кыгы жана саркынды суулар кычкылтеги жок чөйрөдө (анаэробдук шартта) атайын идиштерде (реакторлордо) чиритилгенде, биогаз бөлүнүп чыгат. Биогаздын негизги бөлүгү метан газы болуп саналат. Бул газ генераторлордо күйгүзүлүп, электр энергиясы жана жылуулук алынат.
  1. Газификация жана пиролиз Бул процесстерде таштандылар кычкылтектин жетишсиздигинде же толук жоктугунда абдан жогорку температурага чейин ысытылат. Таштандылар күйбөстөн, газга (синтез-газ деп аталат), суюк майга жана катуу көмүр сымал заттарга ажырайт. Пайда болгон синтез-газ андан ары электр энергиясын же жылуулукту өндүрүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Пиролиз көбүнчө пластик же эски шиналар сыяктуу калдыктар үчүн натыйжалуу.

Бизде деле курулмай болду

Бул үч ыкма таштанды төгүүчү жайлардын аянтын кыскартып, ошол эле учурда кайра жаралуучу энергия булагы катары кызмат кылат. Бул айтылып жаткан ыкмалардын кайсынысы Кыргызстан үчүн ыңгайлуу жана алдыда курулуу каралып жаткан заводдор кайсы ыкма менен иштээри аныктала элек.

Ага карабастан, ушул жылдын декабрь айында суткасына 1 миң тонна таштандыны кайра иштетип,  кубаттуулугу 30 МВт/саат электрэнергия берүүчү завод Бишкек шаарында ишке кирүүсү күтүлүп жатат. Келечекте кайра иштетүү көлөмүн суткасына 3 миң тоннага жеткирүү пландалып жатканы да айтылууда.

Аны менен кошо Ош шаарына жана Ысык-Көл облусуна  таштандыны кайра иштетип, электр жарыгын өндүрүүчү заводдор курулаары пландалып жатканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айтышууда. Алдыңкы жылдары бул пландар иш жүзүнө ашып калса, кеминде жылына орто эсеп менен таштандынын эсебинен 330 млн. кВт/с ка барабар электр өндүрсө болот.

Дүйнөлүк тажрыйба жана жетишкендиктер

Улуу Британия (19-кылымдын аягы) 1874-жылы Англиянын Ноттингем шаарында дүйнөдөгү эң биринчи таштандыларды күйгүзүүчү меш (инсинератор) курулган. Ал учурда максат – таштандыларды жок кылуу гана болчу, бирок кийин инженерлер күйүүдөн чыккан жылуулукту электр энергиясына айлантса болоорун түшүнүшкөн. Ошентип, Waste-to-Energy концепциясынын башаты Британияда пайда
болгон.

Япония – технологиясы өнүккөн өлкө катары белгилүү. Япония 1960-жылдардан баштап таштандыларды электр энергияга айландыруу боюнча дүйнөдө лидер болгон. Себеби өлкөдө жер аз, таштандыларды көмүүгө орун жок. Ошондуктан алар инсинерациялык заводдорду шаарлардын ичинде эле курушкан. Азыр Японияда 1000ден ашык таштандыларды энергияга айландыруучу заводдор бар. Бул заводдор жарык, жылуулук жана электр берет, ошол эле учурда зыяндуу түтүн толук тазаланат. Мисалы: Токио жана Осака шаарларындагы “Clean Authority” заводдору таштандыларды күйгүзүп, ошол эле имараттын жылуулук жана электр муктаждыгын камсыз кылат.

Швеция – дүйнөдөгү эң таза жана эффективдүү система менен иш алып барат. Өлкө 1970-жылдары бул технологияны өркүндөтүп, аны экологиялык деңгээлге көтөргөн. Азыр бул өлкө таштандылардын 99%ын кайра иштетет же энергия өндүрүүгө колдонот. Атүгүл коңшу Норвегия жана Даниядан таштандыларды сатып алып, аларды энергияга айландырат. Швеция-нын шаарлары таштандыдан алынган электр менен жылытыла турган системага өтүшкөн.

Дания жана Германия – экологиялык жаңылануучу энергетика борбору десек болот. Дания 1980-жылдары коомдук имараттардын жылуулук системасын таштандыларды күйгүзүүчү заводдорго туташтырган. Германияда болсо таштандыларды энергияга айлантуу менен бирге биогаз өндүрүү багыты да өнүккөн. Азыр Германияда 1000ден ашык биогаз жана 60тан ашык күйгүзүүчү станция бар.

АКШ – ири масштабдагы өндүрүш катары белгилүү. АКШда мындай станциялар 1970-жылдардан тарта курулган. Азыр 20дан ашык штатта “Waste-to-Energy” заводдору иштейт. Мисалы, Флорида жана Нью-Йорк штаттарынын заводдору шаар таштандыларынын 70%ын электр энергиясына айландырат.

Кытай – акыркы он жылдагы дүйнөлүк лидер болуп келет. Ар жылы ондогон жаңы заводдор курулат, азыр өлкөдө 300дөн ашык таштандыларды энергияга айландыруучу станция иштейт. Бул Кытайдын “жашыл энергетика” программасынын негизги бөлүгү болуп саналат.

Кыргызстандагы таштандылардын абалы

Расмий эсептер боюнча, Кыргызстан жыл сайын 600-700 миң тонна тиричилик таштандыларын чыгарат. Анын 60-70%ы Бишкек жана Ош шаарларына туура келет. Бишкекте күн сайын 900–1000 тонна, башкача айтканда, жылына 350 миң тоннадай ар түрдүү калдыктар топтолот. Таштандылардын 40–50%ы – органикалык (азык-түлүк калдыгы, өсүмдүк), 30%ы – кагаз жана пластик, калганы – металл жана айнек калдыктар. Учурда бул таштандылардын дээрлик баары жөн гана полигондорго көмүлөт, андан метан бөлүнүп чыгып, абага зыян келтирет. Бирок бул көлөм – энергия өндүрүү үчүн чоң потенциал экенин билсек да, жасоого аракет көрүлбөй келген.

Кыргызстанда канча энергия өндүрсө болот?

Бир тонна таштандыдан орточо 550 кВт/с электр энергиясы алынат. Демек: 600 000 тонна Ч 550 кВт/с = 330 000 000 кВт/с (330 млн кВт/с) электр энергия-сын жылына өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул көлөм: 60–70 миң үй-бүлөнү бир жыл бою электр менен камсыздай алат, чакан шаарлар же мисалы, Кара-Балта, Нарын сыяктуу кичи шаарлар үчүн жетиштүү болот. Эгер Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда үч чоң Waste-to-Energy завод курулса, өлкөдө жылына 300–350 млн кВт/с кошумча энергия өндүрүлөт. Бул — Токтогул ГЭСинин өндүрүшүнүн болжол менен 5% тегереги болот.

Экологиялык жана социалдык пайдасы

Албетте, жылына тонналап чыгып жаткан калдыктарды ар жайга таштап, экологияны бузуп, айлана-чөйрөнү булгап, жерди ээлеп турганы өтө эле чоң көйгөй. Эң негизгиси, ошол маселе чечилип,  таштандылардын көлөмү 80-90% кыс-карат жана кайсы аймакта болбосун тазалык сакталмак. Кошумча жер-жерлерде жумуш орундары түзүлүп, орто эсепте жүздөгөн жарандар жумуш менен камсыздалат жана өлкөбүздө муктаждык болуп жаткан электр жарыгынын жетишсиздиги азаят.

Ошондой эле биогаз өндүрүү аркылуу айыл чарба калдыктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү да чоң. Бул айыл жергесинде да энергия жетишсиздигин азайта
алат.

Бирок, өлкөбүз үчүн азырынча мындай чоң альтернативалык мүмкүнчүлүктү жасоо-го бир аз тоскоолдуктар бар. Тактап айтсак, инвестиция жана технология жетишсиз, коомчулукта таштандыларды сорттоо маданияты али калыптана элек, бул жаатта калк жана жергиликтүү бийликтер арасында маалымат аз, экологияга болгон көзөмөл жана мыйзамдык база начар өнүккөн десек болот. Албетте, убакыттын өтүүсү менен, бул маселелерден арылып, башка өлкөлөр көрсөткөн жолго түшсөк болорун адистер белгилешет.

Ошону менен Кыргызстанда электр энергиянын жетишсиздигин жоюунун бир багыты – таштандыдан электр энергиясын алуу технологиясын ишке киргизүү экенин белгилесек болот. Бул таза жана туруктуу энергия булагы, шаарлардын таштанды көйгөйүн азайтуучу чара жана негизгиси экономикалык жактан пайда гана алып келе турган багыт.

Дүйнө тажрыйбасы далилдегендей, таштандылар – бул жаңы мүмкүнчүлүктүн булагы. Кыргызстан да ушул багытта кадам таштаса, жакынкы жылдары энергетикалык жана экологиялык коопсуздукка жетише алаарына ишенебиз.

Гүлмайрам Рахманбердиева, Кыргыз Туусу 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз