Башкы беткеРубрикаларАймактарОш: Мыйзамсыз менчиктештирилген жерлер кайтарылат

Ош: Мыйзамсыз менчиктештирилген жерлер кайтарылат


Ак-Тилек конушунда жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында мыйзамсыз ээленип калган жерлер мамлекетке кайталырат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Бүгүн 25-апрель күнү таң эрте Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте А.Мамыров көчөсүн кыдырды.
 Мэр жеринде тиешелүү кызматтарга убагында мыйзамсыз өтүп кеткен коммерциялык жана башка багыттагы имараттардын мыйзамдуулугун карап чыгып, аларды баштапкы калыбына келтирүү, кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштарды бузуп алып салуу боюнча ыкчам жумуштарды алып баруу тапшырмасын койду.
 Ошондой эле көчөнүн жалпы көрүнүшүн жаңылоо, жашыл аймактарды көбөйтүү керектигин белгиледи.
Мындан сырткары калаа башчысы Жапалак айылыны Кайырма, Бөкөнбаев көчөлөрүндө жолго чыгып кеткен тосмолорду алып салууну тапшырды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар