whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарБаткен жана Фергананын маалымат каражаттары кызматташуу боюнча документке кол коюшту

Баткен жана Фергананын маалымат каражаттары кызматташуу боюнча документке кол коюшту

Баткен облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Өзбекстандын Фергана облусунун маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен Фергана шаарында жолукту.
Алар Фергана облусундагы телевидение, гезит, радиолордун ишмердүүлүгү менен таанышып, журналисттер тажрыйба алмашты.
УТРК Баткен телеканалы менен Фергана облусунун Рухсор телерадиокомпаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Тараптар кыргыз-өзбек элинин кылым карыткан кошуналык жакын мамилесин, достугун чыңдоо жана Баткен-Фергана облустарынын ар тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган, биргелешкен материалдарды даярдоо боюнча макулдашты.
Ошондой эле журналисттер Фергана облусундагы тарыхий жана туристтик объекттерде болуп, туристтер үчүн түзүлгөн шарттарды көрүштү.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикаларынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге алып чыгуу боюнча кол койгон документтерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбек Республикасынын Фергана облусунун хокимиятынын ортосунда кызматташууну кеңейтүү жөнүндө комплекстүү программага («Жол Картасы») кол коюлган.
Ага ылайык бул сапар, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, маалымат каражаттары аркылуу, кошуна элдердин карым катнашын өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар