Башкы беткеСаясат жана коомКоомКара-Сууда 372 литр акциздик маркасы жок мотор майы аныкталды

Кара-Сууда 372 литр акциздик маркасы жок мотор майы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык текшерүүнүн алкагында Шарк айылында жайгашкан «Г-О» унаа майларын алмаштыруу станциясына текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 67 935 сомду түзгөн, акциздик маркасы жок 372,8 литр мотор майы аныкталып, алынды.

Жогорудагы фактынын негизинде жеринде баштапкы документтер таризделди. Материалдар КР ченемдик укуктук актыларына ылайык юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Салык кызматы 2024-жылдын 1-октябрынан тартып мотор майлары, бензиндер, дизель майы, атайын жеңил жана орто дистилляттар милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш экенин эскертет.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар