“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужол идеологиясынын негизги багыттарынын бири катары мамлекеттик тил маселеси көрсөтүлүп, жарлыкта: “Кыргыз элинин жарандык аң-сезимин калыптандырууда, өлкөнүн өнүгүшүндө, улуттук маданияттын сакталышында мамлекеттик тилдин орду өзгөчө:
– мамлекеттик тил – Кыргыз Республикасынын Туу, Гимн жана Герби сыяктуу эле мамлекеттүүлүктүн символдорунун бири;
– мамлекеттик тил – Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын орток баалуулугу;
– мамлекеттик тилдин өнүгүшү жана коомдук турмуштун баардык тармактарында дайыма колдонулушу үчүн кам көрүү – ар бир кыргыз жаранынын милдети;
– тиешелүү мыйзам актыларынын талаптарына ылайык толук кандуу колдонулган мамлекеттик тил коомдун биримдигин, социалдык ынтымакты жана өлкөнүн туруктуулугун сактоонун жана чыңдоонун эң маанилүү булагы болуп калат;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин макамы тиешелүү мыйзам актылары аркылуу тастыкталган – кыргыз тили корголууга муктаж эмес, колдонулууга гана муктаж. Эне тилди коргоонун жана өнүктүрүүнүн жападан жалгыз жолу аны турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонуу болуп саналат;
– кыргыз тилинин маселелерин заманбап технологияларды жана азыркы теория-лык-методологиялык жетишкендиктерди колдонуу менен кайрадан изилдөөнү жолго коюу – Заман талабы;
– Кыргыз Республикасында мамлекет жана мамлекеттик тил бири-бири менен тыгыз байланыштуу, бири экинчисинин бар болушун жана өнүгүшүн шарттайт, – деп ак-карасынан жазылган.
Менимче, Улуттук демди ойготуп, улуттун Уңгу жолун аныктай турган духун көтөрүп, дымагын арттыра турган, мамлекеттин улуттук мамлекет катары түптөлүшүн, жаралышын, “мамлекеттин бар болушун жана өнүгүшүн” шарттай турган касиет камылга – ошол мамлекетти түзгөн элдин эне тилинде, ошол мамлекеттин мамлекеттик тилинде, ошол тилде жаралган, өнүккөн, ата-бабалардын бүгүн бизге жетип отурган адеп-ахлактык, ыйман-парасаттык, нарк-насилдик табыйгый нукура таалим-тарбиясында, элдик жөрөлгө-өбөлгөлөрүндө, салт-санаа, үрп-адаттарында сакталган. Ошон үчүн Президент Жарлыгында “Кыргыз Республикасында мамлекет жана мамлекеттик тил (астын мен сыздым – С.М.) бири-бири менен тыгыз байланыштуу, бири экинчисинин бар болушун жана өнүгүшүн шарттайт”,- деп ачык жана так белгилеген. Биздин өлкө – айрым өлкөлөрдөн айырмаланып улуттук мамлекет, улуттук мамлекетте ошол мамлекетти түзгөн улуттун тили – мамлекеттик тил болот, ошол мамлекеттик тил өлкөдө жашаган башка этнос-тук топторду бириктирүүнүн негизги жана бирден-бир курал-каражаты катары милдет аткарат. Анткени улуттук мамлекет, биринчиден, идеалык түшүнүктөргө, алардын биримдигинде жаралган идеологиялык негизге таянат. Муну, биринчиден, мамлекеттүүлүк, эркиндик, күнкорсуздук, эгемендик, пассионардык түшүнүктөрү менен байланышкан, элдик ички туюм, аң-сезим, жигердүү аракет, өзүн-өзү тааный алган, өзүн өзгөлөргө тааныта алган Эрк, Дем, Дух түзөт. Анткени элдин келечек тагдыры анын бекем эркине, күчтүү демине, таза рухуна, майтарылбас духуна көз каранды; идеалык түшүнүктөргө, алардын биримдигинде жаралган идеологиялык негизге таянган улуттук мамлекет, экинчиден, ушул идеологиянын турмушка ашыра турган материалдык жайга, негизге таянат. Муну Ата Мекен, Ата Журт деген түшүнүктөр менен байланышкан, биздин ата-бабалар бизге мураска калтырган “бейиштин төрүндөй”, “кудайдын гүл багындай” болгон керемет кооз, көз жоосун алган берекеси жайнап, кут төгүлгөн, Бак карап, Кыдыр даарыган Жерибиз түзөт. Анткени ата-бабадан калган Ата-Мекенсиз, Ата Журтсуз мамлекет түзүлбөйт; Туубузду кайда саябыз, Ордобузду кайда орнотобуз; идеалык, идеологиялык жана материалдык негизге таянган улуттук мамлекет, үчүнчүдөн, Элибиздин эчен доорлорду басып, өзүн өзүнчө эл катары өзгөлөргө тааныткан, урууларды бириктирип, башкалардан айырмалап “мен ушумун” – мен кыргызмын деген элдик психологиялык сезимди жараткан Руханий дөөлөтүбүз – Эне тилибиз түзөт. Анткени тектеш элдерди бири-биринен кескин айырмалап турган негизги эле руханий белги – бул ошол элдин тили, тили аркылуу жаралган, өнүккөн, калыптанган руханий дөөлөт-маданияты. Кебете-кешпирибиз, жашаган чөлкөмүбүз бир, окшош болгонубуз менен, биз башка “окшош” элдерден тилибиз аркылуу, ошол тилибиз аркылуу жаралган руханий дөөлөттөрүбүз аркылуу гана айырмалана алабыз. Бир гана мисал айтайын: 18-кылымдан тарта Кыргыз менен казакты Европалыктар дагы, орустар дагы кебете-кешпирине, көчмөндүк жашоо чарбасына карап бир эле эл катары карашкан. А түгүл ХХ кылымдын 20-жылдарында кыргыз менен казакты бир эле эл деп, бир гана Казак Республикасын түзүү долбоору сунушталганда, Эшенаалы Арабаев 1920-жылдардан баштап казак менен кыргыздын эки башка эл экендигин Тили аркылуу далилдеп, кыргыз тилинин казак тилинен таптакыр башка тил экендигин, казак менен кыргыз сырткы кебете-кешпири боюнча өтө жакын, бирок тилдери боюнча эки башка эл экендигин далилдеп көрсөтүүгө төрт жылдык мезгилин кетирген. Демек, эне тил – ар бир элдин аты, эл менен ошол элдин тилинин тамыры бир, тагдырлаш, эл менен эне тил акыреттик шерик. Экөөнүн тагдырын бөлүп-жарып, бири-биринен айырмалап кароого мүмкүн эмес. Бекеринен өткөн кылымдардын улуу гуманист, чоң философ-лингвист Вильгельм фон Гумбольдт: “Тил – элдин духу, ал эми элдин духу, руху – анын тили, экөөнөн жакын жуурулушкан эч нерсе жок”, – деп элди эл, улутту улут кылып бириктирип турган, ал элди, ал улутту башка эл, улуттан айырмалап турган анын тили экендигин өтө таамай, так көрсөткөн. Элдин эң улуу, эң ыйык тумар туткан аярлуу байлыгы да – анын эне тили. Эне тилин баалап-барк-тап өнүктүрө албаган эл эч качан өзүнчө улут болуп, эгемен өлкө, өнүккөн мамлекет кура албайт. Мамлекеттин мамлекет экендигин таасын айгинелеп, тастыктап турган белгиси да – мамлекет түзүп, ага атын берген титулдук конституциялык түпкүлүктүү улуттун эне тили. Ушул өңүттөн алганда өлкөнүн улуттук-мамлекеттик идеология-сы катары сунушталып жаткан Уңгужол идеологиясынын негизи – Кыргыз Республикасынын конституциялык статуска ээ болуп, колдонулушу Конституциялык мыйзам менен аныкталуу мүмкүнчүлүгүндө турган мамлекеттик тили. Анткени тил ой-пикирди билдирип, адамдар ортосундагы пикир алышууну тескөөчү гана курал, каражат эмес, ал, баарыдан мурда, улуттук аң-сезимди, улуттук акыл-эсти, улуттук ойлом, ой жүгүртүүнү жаратып, улуттук дүйнө таанымды калыптандыруучу, улуттук тарыхый эс-тутумду сактоочу улуу күч. Тил – элдик духтун, улуттук демдин, рухтун негизи. Тил аркылуу дүйнөнү кабылдап, анын улуттук бейнесин, сүрөтүн-образын тааныйбыз. Тил аң-сезим, акыл-эстин ачкычы, тил аркылуу гана эл, улут өзүн-өзү таанып, өзүн-өзү улуттук баалуулук-дөөлөттөр аркылуу тарбиялап, өзгөчө үлгү-өрнөк боло алат. Тилдин артында калдайган калайык калк, кадырман журт, калыптанган улут, улуттук кызыкычылыгы, духу, руху, деми, кылымдырды карыткан тарыхы, дүйнө бойлой келген кайталангыс маданияты, рух касиети, болочок тагдыры, улуттук ар-намысы, ариэт-ары жатат. Тилдин артында мамлекеттин мамлекеттүүлүгү, өлкөнүн эгемендиги, күнкорсуз эркиндиги жатат.
РФ президенти В.Путиндин сөзү менен айтканда: “Тил жөнүндөгү маселе – өлкөнүн мамлекеттик суверендүүлүгү менен түздөн-түз байланышкан маселе, аны так ушундай түшүнүшүбүз керек”.
Демек, Тил – рух, дух, дем, Тил – аң-сезим, акыл-эс, Тил – арнамыс, ариэт-ар, Тил – улуттук идеология, улуттук саясат. Эгерде акыл-эс, улут руху, духу, деми коомдук аң-сезимди аныктай турган болсо, коомдук аң-сезим, ар-намыс улуттук идеологияны, улуттук саясатты калыптандырат. Ушундан улам акыл-эс, аң-сезим, рух, дух, демдин башаты ды, улуттук идеологияныны, улуттук саясаттын өзөгү, улуттук мамлекеттин Туусу да мамлекеттик тили болуш керек.
Сыртбай Мусаев, КР УИАнын академиги