Башталгыч кесиптик билим берүү системасынын негизги максаты – өлкөнүн экономикасын квалификациялуу жумушчу кадрлар менен камсыз кылуу, республиканын экономикасынын артыкчылыктуу багыттары үчүн квалификациялуу жумушчуларды жана техникалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо болуп эсептелет.
Кесиптик лицейлердин ролу чоң
Башталгыч кесиптик билим берүү системасында азыркы учурда жалпы 98 окуу жайы бар. Алып айтсак: Бишкек шаарында – 16, Чүй облусунда – 18, Ысык-Көл облусунда – 8, Нарын облусунда – 6, Талас облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 19, Ош облусунда – 14, Баткен облусунда – 11. Бул системанын уникалдуулугу анын республиканын бардык аймактарын камтыгандыгында турат. Бүгүнкү күндөгү изилдөөлөрдүн жыйынтыгын карап көрсөк, жумуш орундарынын 70-80%ы практикалык көндүмдөрдү талап кыларын көрсөтүүдө.
Кесиптик башталгыч билим берүү сис-темасы аркылуу жаш муундун социалдашуу процесси ишке ашат, ал өз кезегинде 20, 30 жылдан кийинки коомдун негизин түзгөн муундун дүйнө таанымын, саясий маданиятын калыптандырат. Учурда кесиптик-техникалык билим берүү сис-темасы модернизацияга муктаж болуп турат. Мурдагы советтик экономиканын шартында түзүлүп, өз мезгилинде өтө маанилүү ролду ойноп келген бул система, рыноктук экономиканын шарттарына ыңгайлашуусу абдан зарыл.
Дуалдык окутуу системасын киргиздик
Биздин максат – ийкемдүү, мо-билдүү жана эмгек рыногунун муктаждыктарына оперативдүү реакция жасай турган тутумду түзүү. Германия менен Швейцариядагы дуалдык окутууну негиз кылуу менен Кыргызстандын учурдагы реалдуулугуна негизделген системаны куруубуз зарыл.
Системаны реформалоо, модернизациялоо үчүн эң алды менен нормативдик-укуктук базаны даярдоо зарыл болгондуктан тиешелүү мыйзамдар, токтомдор кабыл алынды. Мисалы, “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга – дуалдык окутуу, жумуш ордунда окутуу, профилдик окутуу, формалдуу эмес окутуу, онлайн окутуу, валидация, көз карандысыз сертификация, модулдук окутуу деген түшүнүктөрдү киргиздик, укуктук база бир топ чыңдалды.
Кесиптик билим берүүдөгү негизги көйгөйлөр
Имараттардын жана курулмалардын жалпы саны 608 болсо, алардын ичинен 339у гана канааттандырарлык абалда. 194 имарат жана курулуш капиталдык оңдоону талап кылса, 75 имарат авариялык абалда турат.
Кесиптик лицейлердеги жабдуулар жана устаканалар жыл өткөн сайын эскирип, заман талабына ылайык келбей калууда. Мугалимдердин жетишсиздиги, каржылык көз карандылык балдарга толук кандуу билим берүүгө тоскоолдук жаратууда. Анын үстүнө иш берүүчүлөр менен байланыш тиешелүү деңгээлде эмес. Мындай көрүнүш кесиптик лицейлердин программаларынын саны менен мазмунунун эмгек рыногунун түзүмүндө дал келбестигине алып келүүдө.
Аткарылып жаткан иштер арбын
Албетте, Билим берүү жана илим министрлиги, министр Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги астында аталган көйгөйлөрдү санап коюу менен чектелбестен, аларды чечүү үчүн жигердүү аракеттерди жасоодо.
– Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу https://2020.edu.gov.kg/npo порталында онлайн форматта жүргүзүлөт. Бул коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында уюштурулган.
– Лицейде окуган балдарга тамак-аш жана стипендия берилет. Биздин милдет, мамлекет берип жаткан каржыны үнөмдүү жана эффективдүү пайдалануу. Ал үчүн Бишкектеги кесиптик лицейлерде “көзөмөл жана башкаруу системасын” (Face ID) койдурдук. Учурда бул санариптештирүүнүн жыйынтыгын көрүп жатабыз. Жасалган жумуштун жыйынтыгында системадагы эсеп-чотубуз такталып, студенттердин жана кызматкерлердин так саны бекитилип жатат.
– Окуучулардын эмгек рыногуна чыгуусун тездетүү жана буга чейинки алган билимин таануу жана кесиптик орто же жогорку окуу жайларда окууну улантуу үчүн 9-класстын бүтүрүүчүлөрүн окутуу мөөнөтү үч жылдан эки жылга чейин кыскартылды;
– Билим берүү программаларында теория менен практиканын катышы 40% теория жана 60% практика болуп өзгөртүлдү, б.а. практикалык сааттар көбөйтүлдү;
– Акыркы 3 жылда окуу жайлардын материалдык-техникалык базасы кыйла жакшырды;
– “Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору” ачылды;
– Билим берүү жана илим министрлиги менен Россиянын Агартуу министрлигинин ортосунда жумушчу кесиптер боюнча кадрларды биргелешип даярдоо жөнүндө Жол картасына кол коюлду;
– 2020-2024-жылдар аралыгында башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында эмгек рыногунун суроо-талаптарына ылайык 40 жаңы кесип ачылган;
– Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен № 99 кесиптик лицей президентке караштуу IT лицейи болуп кайра түзүлдү жана кеңири ыйгарым укуктарды берүү менен өзгөчө статуска ээ болду;
Министрлик тарабынан биринчи жолу 2024-жылы жумушсуздарды кыска мөөнөттүү окутуу үчүн https://kesip.edu.gov.kg/ru веб-порталы иштелип чыкты. Порталда суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча 95тен ашык ар түрдүү курстар бар;
– Өлкө башчысынын тапшырмасы боюнча, Бишкек шаарында №27 жана Балыкчы шаарында №22 кесиптик лицейлердин базасында трак айдоочуларын даярдоо боюнча курстар ачылган жана заманбап тренажерлор менен жабдылган;
– Көз карандысыз сертификациялоо элементтери менен квалификациялуу экзамендерди тапшыруу системасы ишке киргизилди.
– Оптималдаштыруунун жыйынтыгы боюнча кесиптик лицейлердеги педагогдордун жана мастерлердин саны 3920дан 3403кө чейин кыскарды.
– Кесиптик лицейлердин директорлорунун кызмат ордуна конкурстук тандоо системасы киргизилген.
Кесиптик-техникалык билим берүү системасын сапаттуу өнүктүрүүнүн багыттары
Кесиптик техникалык билим берүүгө мамлекет тараптан олуттуу колдоо керек.
– Артыкчылыктуу багыттар боюнча кесиптик техникалык билим берүү системасын каржылоону көбөйтүү, алгач эң көп суроо-талапка ээ болгон 5 кесипттер боюнча бардык лицейлерде устаканаларды (тизмени) каржылоо жана жаңылоо керек, бул үчүн 218 млн. сом өлчөмүндө каржылоо талап кылынат;
– Лабораторияларды, устаканаларды жабдуу жана имараттарды оңдоо зарыл;
– Кыска мөөнөттүү курстарды каржылоону көбөйтүү. Бир адамды окутуу үчүн орточо 20 миң сом бөлүнүшү керек;
– Өлкөнүн эмгек рыногунун керектөөлөрүн жабуу үчүн калктын калың катмарын окутуу боюнча улуттук программаны ишке киргизүү кажет
– Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) өнүктүрүү;
– Дуалдык окутуу программаларын өнүктүрүү:
– Кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн ишканаларды дуалдык окутууга катышууга шыктандыруу сунушталууда;
– Субсидиялар, салык жеңилдиктери жана башка стимул чаралары түрүндөгү мамлекеттик колдоо иш берүүчүлөрдү билим берүү процесстерине көбүрөөк катышууга тартууга мүмкүндүк берет;
– Ишканалар жана компаниялар сарпталуучу материалдарды жана чийки заттарды беришет, товарларды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү боюнча технологдордун, инженерлердин, устаттардын жана окуучулардын эмгегине акы төлөшөт;
– Ишканалар лицейлердин кампа жайларын, устаканаларын, лабораторияларын колдонушат;
Натыйжада:
– Лицейлер мамлекет жана бизнес тарабынан финансылык, материалдык-техникалык колдоо алышат;
– өндүрүштү өнүктүрүү жана лицейлерди модернизациялоо үчүн плюс;
– Эмгек рыногун жана билим берүү системасын айкалыштыруу.
– Лицейлердин финансылык автономиясын кеңейтүү;
– Программаларды санариптештирүү жана аралыктан окутууну киргизүү кесиптик техникалык билим берүүнү модернизациялоо үчүн артыкчылыктуу болушу керек;
Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жана окуучулардын практикалык даярдыгын жакшыртуу үчүн окуу-өндүрүштүк комплекстерди түзүү пландаштырылууда. Бул комплекстер төмөнкүлөрдү камтыйт:
– Заманбап жабдууларды жана технологиялар;
– Практикалык окутуу;
– Ишканалар менен кызматташуу;
– Адистиктердин ар түрдүүлүгү:
– Кошумча билим берүү программалары;
Кесиптик техникалык билим берүү системасын өркүндөтүү жана модернизациялоо өлкөгө өнөр жай, айыл чарба, курулуш, маалыматтык технологиялар жана башка тармактарды өнүктүрүүгө адам капиталынын салымын кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондой эле бул суроо-талапты канааттандырууга жана квалификациялуу адистердин тартыштыгын кыскартууга жардам берет, бул эмгек өндүрүмдүүлүгүнө жана ИДПнын өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.
Президент Садыр Жапаров демилгелеген жана ишке ашырылып жаткан улуттук мега долбоорлор кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүүгө чоң стимул берүүчү фактор болуп эсептелет. Анткени керектүү адистерди кыска убакыттын аралыгында даярдап чыгаруу мультипликативдик эффект бере турган процесс.
Машина куруу өнөр жайы, курулуш, кайра иштетүү, темир жол, робототехника жана башка тармактарга керектүү кадрлар жетишсиз болуп жаткан чагы. Андыктан ушундай заманбап кесиптерге балдарды окутуу милдети турат.