Башкы беткеРубрикаларБилим берүүНадира Жусупбекова: "Мектептерге психологдор керек"

Надира Жусупбекова: «Мектептерге психологдор керек»

Мектептерге психологдор керек, деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында.

Комитет билим берүү системасындагы коопсуздукту камсыздоодогу негизги көйгөйлөрдү карап чыкты.

Жусупбекованын айтымында, учурда Бишкек шаарында мектеп аянтчасына видеокөзөмөл системасын каржылоо маселеси чечилгени менен Ошто дагы эле чечилбей жатат.

“Рэкет, буллинг жана кибербулингдин дайыма өзгөрүп турган формаларында ата-энелер жана балдар менен иштөө боюнча ыкчам маалымат берүү үчүн зарыл болгон мектеп психологдорун каржылоо маселеси чечиле элек”, — деди ал.

Ошондой эле ал ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча норманы киргизүү зарылдыгын белгилеп, юристтерге тиешелүү документти иштеп чыгуу тапшырылганын билдирди.

Эң чоң көйгөй миграция, анын кесепетинен 6 миңдей бала алыскы туугандарында калууда.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар