Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан менен Шри-Ланка курама командаларынын футболдук беттешин көрүп, оюнчуларды колдоду.
Мелдеш 2026-жылы өтө турган футбол боюнча Азия Кубогуна (U-23) тандоонун алкагында уюштурулду. Кыргызстан курамасы Шри-Ланка курамасын 6:0 эсебинде ири жеңиш менен утту.
Буга чейин биздин футболчулар «E» тайпасында Палестинаны 2:1 эсебинде утуп, Өзбекстан менен 2:2 эсебинде тең чыккан.
Натыйжада Кыргызстандын жаштар курамасы (U-23) тарыхта биринчи жолу Азия Кубогуна жолдомо алып, чоң жетишкендикке жетти.