Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда “Саламаттык укугу” санариптик кызматы ишке киргизилет

Кыргызстанда “Саламаттык укугу” санариптик кызматы ишке киргизилет

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында жаңы реформанын башталганын жарыялады.

Бул реформа калк үчүн кепилденген медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Негизги максаттар:

  • ар бир жаранга акысыз жана жеңилдетилген медициналык кызматтар тууралуу так маалымат жеткирүү;

  • саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик кепилдиктердин натыйжалуулугун жогорулатуу;

  • үй-бүлөлөрдүн ашыкча каржылык чыгымдарын кыскартуу.

Касымалиев белгилегендей, учурда көптөгөн жарандар мамлекет тарабынан кепилденген акысыз кызматтар жөнүндө маалыматка ээ эмес. Бул болсо жарандардын жеке клиникаларга кайрылып, кошумча каражат сарптоосуна алып келүүдө.

Чечим

Көйгөйдү жоюу үчүн жаңы “Саламаттык укугу” санариптик кызматы иштелип чыгат. Ал жарандардын жаш курагы, социалдык абалы жана медициналык көрсөткүчтөрүнө жараша кандай кызматтарга акысыз же субсидияланган негизде укуктуу экендиги тууралуу жекелештирилген маалымат берет.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар