Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКазак бийлиги 9-майдын урматына марштарды өткөрүүгө тыюу салды

Казак бийлиги 9-майдын урматына марштарды өткөрүүгө тыюу салды

Казакстандын шаарларында 9-майда Орусиянын “Өлбөс полкуна” окшош жүрүштөрдү өткөрүүгө уруксат беришкен жок. 

Анын ичинде өлкөнүн эң чоң шаары болгон Алматынын акимиаты иш-чараны өткөрүүгө макулдук берүүдөн баш тартты. Ал эми орус тилдүү калктын басымдуу бөлүгү болгон Павлодар жана Петропавловск шаарларында бийлик бул иш-чараны интернетке көчүрүп, фронттогу жоокерлердин сүрөттөрүн атайын LED экрандарга жайгаштырууну сунуштады.

Мунун фонунда Алматыда демонстрация өткөрүүнү каалаган активисттер СССРдин желеги менен республиканын президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жасашты

 «Биз, жеңүүчүлөрдүн мураскорлору, Казакстанда 9-май Улуу Жеңиш күнү Алматынын көчөлөрүндө «Батырларга таазим» деп аталган «Өлбөс полк» маршы өтүшүн каалайбыз… Биз президентке жана бардык жергиликтүү бийликке кайрылып, ушул маанайдагы сезимдерди чагылдырууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранабыз»

, — деп айтылат кайрылууда.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар