Башкы беткеРубрикаларЭкономика“Кыргызалтын” Талды-Булак алтын-жез кенин иштетүү укугун алды

“Кыргызалтын” Талды-Булак алтын-жез кенин иштетүү укугун алды

«Кыргызалтын» ААК Талас облусундагы Талды-Булак кенинде жер казынасын пайдалануу укугун алды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, компания 178,6 гектар аянттагы Талды-Булак алтын жана жез кенин иштетүүгө, ошондой эле 3315,4 гектар аянттагы Талды-Булак участогунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укуктуу. «Кыргызалтын» участкаларды өздөштүрүүнү баштаганга чейин «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамдын талаптарын сактоого милдеттүү.

Талды-Булак кенинде алтын, жез жана молибден бар. Адистердин божомолу боюнча, ресурстар болжол менен 120 тонна алтын жана 800 миң тонна жез деп бааланууда. Мурда жер казынасын пайдаланууга лицензия берүү маселелери боюнча комиссия «Талас Коппер Голд» ЖЧКсына тиешелүү төрт лицензияны токтоткон.

Гезит

Марат САГЫМБАЕВ: «Жасалма интеллекттин чегинде өзүбүздү табууну унутпайлы»

      Кыргызстандын медицина тармагындагы эки илимпоз-окумуштуусу жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн жана чектерин философиялык багытта изилдешти. Алар биргелешип жазган ири монографияда өз ойлорунун жыйынтыгын сунушташкан. Авторлордун...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар