Россияда мигранттардын саны 5,7 миллионго азайды

0
3904

2026-жылдын башына карата Россия Федерациясында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын саны 5,7 миллион адамды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 10 пайызга аз. 2025-жылдын башында бул көрсөткүч болжол менен 6,3 млн адам болгон.

Бул тууралуу алдын ала маалыматтарды ИИМдин Миграция кызматынын аналитикалык башкармалыгынын башчысы Александр Пережогин билдирди.

Анын айтымында, мигранттардын санынын азайышына негизги себеп — чет өлкөлүк өспүрүмдөрдүн саны дээрлик 25 пайызга кыскарышы. 2025-жылы Россияда орус тилинен тест тапшырбаган мигрант балдарын мектепке кабыл алууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Эгер ата-энелер балдарына негизги билим алууга шарт түзбөсө, алардын өлкөдө жүрүү укугу да жокко чыгарылышы мүмкүн.

Эксперттердин пикиринде, чет өлкөлүк жарандардын санынын кыскарышына миграция мыйзамдарынын жалпы катаалдашуусу да таасир этти. Мыйзам бузган мигранттар көзөмөлдөгү адамдардын реестрине киргизилип, аларга никеге туруу, банк эсептерин пайдалануу жана балдарын мектепке каттоо сыяктуу укуктар чектелүүдө.

Мындан тышкары, 2025-жылы визасыз кире алган чет өлкөлүк жарандар үчүн жылына 90 күндөн ашык болбоо талабы киргизилди. Буга чейин 90 күн 180 күндүн ичинде болуу эрежеси колдонулуп келген.

Россия бийлиги миграция саясатын 2024-жылдын март айында “Крокус Сити Холл” соода борборунда болгон теракттан кийин катаалдаткан. Анын алкагында балдар үчүн тил тесттери киргизилип, мыйзам бузган мигранттарга жана Россия жарандарынын жубайларына жеңилдетилген тартипте жашоо уруксатын алуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз