Иран АКШнын бардык аскердик аракеттерин согуш катары кабыл алат

0
3468

 Иран АКШнын өзүнө каршы жасай турган бардык аскердик аракеттерин согуш акты катары эсептейт. Бул тууралуу Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи менен Мамлекеттик коргоо кеңешиндеги өкүлү Али Шахмани билдиришти.

Алардын айтымында, «чектелген сокку» деле согушту баштоого шылтоо катары каралат, жана Ирандын жооп чарасы дароо, толук жана салыштыргыс болот. Жооп негизинен «агрессорго, Тель-Авивдин борборуна жана агрессордун бардык тараптарына» багытталат.

Бул билдирүүлөр АКШнын президенти Дональд Трамптын «Авраам Линкольн»  баш болгон аскердик чоң флотту Иранга жөнөтө тургандыгы тууралуу билдирүүсүнө жооп катары айтылды. Трамп Иранга АКШ менен келишим түзүү үчүн убакыт чектелгенин эскерткен.

Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Арагчи болсо, өлкөнүн куралдуу күчтөрү ар кандай агрессияга жана күчтүү жооп берүүгө даяр экенин айтты. Ошол эле учурда, Арагчи Иран туруктуу, тең укуктуу жана өз каалоосу менен атомдук келишимди колдогонун белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз