2026-жылга республикалык бюджет бекитилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга республикалык бюджет жөнүндө Мыйзамга кол койду.

Бул мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анын максаты – бюджеттин орто мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо жана мамлекеттик каражаттарды 2026–2028-жылдарда натыйжалуу башкаруу болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, 2026-жылга республикалык бюджет төмөнкүчө бекитилди:

  • Киреше: 551 207 156,1 миң сом;

  • Чыгашалар: 550 770 757,7 миң сом.

Мында профицит 436 398,4 миң сом суммасында белгиленет. Бул каражат негизинен финансылык активдер менен операцияларды жүргүзүүгө жана тышкы милдеттенмелердин негизги бөлүгүн, анын ичинде мамлекеттик тышкы карыздын негизги суммасын, жабууга багытталат.

Мамлекет 2026–2028-жылдарда бюджетти туруктуу жана натыйжалуу башкаруу аркылуу экономикалык өсүштү колдоого алууну максат кылууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз