2026-жылы 12 жылдык окуу үчүн бир миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында 2026-жылы республикалык бюджеттен 1 миллиард 66 миллион сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин орун басары Нурбек Акжолов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, каражаттын негизги бөлүштүрүлүшү төмөнкүчө:

  • Эмеректерге: 48 млн сом;

  • Компьютерлерге: 47 млн сомдон ашык;

  • Ишкердик максаттарга: 175 млн сом;

  • Жаңы окуу китептерине: 815 млн сом.

Эскерте кетсек, 2025/26-окуу жылында Кыргызстандагы 1-, 2-, 5- жана 7-класстардын окуучулары жаңы 12 жылдык окуу планына өтүшкөн.

Мамлекет бул долбоор менен билим берүү сапатын жогорулатып, окуучуларга заманбап шарттарды түзүүнү максат кылууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз