АКШнын Калкты каттоо бюросу Vintage 2025 демографиялык баалоолорун жарыялап, тышкы миграциянын кыскарышынан улам өлкөдөгү калктын өсүшү олуттуу түрдө жайлаганын билдирди.
2024-жылдын 1-июлунан 2025-жылдын 30-июнуна чейинки аралыкта таза эл аралык миграциянын көрсөткүчү 1,3 млн адамды түздү. Бул мурдагы жылдагы 2,7 млн адамга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге аз. Адистердин божомолуна ылайык, 2026-жылдын июлуна карата бул көрсөткүч 321 миң адамга чейин төмөндөшү мүмкүн. Эгер мындай тенденция улана берсе, АКШда акыркы 50 жылда биринчи жолу өлкөдөн чыгып кеткендердин саны келгендерден ашып кетиши ыктымал.
Ошондой эле калктын жалпы өсүш темпи да басаңдаган. 2024-жылдын июлунан 2025-жылдын июлуна чейин АКШнын калкы 1,8 млн адамга гана көбөйгөн. Мурунку мезгилде бул көрсөткүч 3,2 млн адамды түзгөн. Бул — COVID-19 пандемиясынан берки эң жай өсүш катары бааланууда.
Эксперттер мындай өзгөрүүлөрдү 2025-жылдын январында кызматка киришкен президент Дональд Трамптын иммиграциялык саясатты катуулатуу аракеттери менен байланыштырышууда. АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы бир жыл ичинде өлкөдөн 3 млнго жакын мыйзамсыз мигрант чыгып кеткен. Алардын 2,2 млн адамы өз ыктыяры менен кеткен болсо, 675 миңден ашууну мажбурлап депортацияланган.

