2026-жылдын 23-январынан тарта Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдар үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөө тартиби жөнөкөйлөтүлдү. Мындан ары документ тапшырууда жашаган жери боюнча каттоо (прописка) талап кылынбайт.
Буга чейин каттоодо туруу милдеттүү шарт болуп келген. Бул талаптын жоюлушу бат-баттан көчүп жүргөн же туруктуу каттоосу жок үй-бүлөлөр үчүн өзгөчө маанилүү.
Ошондой эле ата-энелердин бири документ тапшырууда жеке өзү келе албаган учурларда жол-жобо жеңилдетилди. Нотариалдык макулдукту «Электрондук нотариат» маалыматтык системасы аркылуу текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кызматкерлер үчүн арыз ээсинин уникалдуу коду жетиштүү болуп, кагаз түрүндөгү ишеним каттарды алып келүү зарылдыгы жоюлду.
Мындан тышкары, жарандар жашаган жери же убактылуу каттоодон нотариалдык ишеним кат аркылуу чыгара алышат. Буга чейин бул үчүн ЦОНго жеке кайрылуу талап кылынган. Ал эми ID-картаны алмаштырууда жаңы негиз катары ата-энелеринин биринин улутуна жараша улутун өзгөртүү мүмкүнчүлүгү киргизилди.
Бул өзгөртүүлөр Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы №856 токтомунун негизинде ишке ашырылды. Натыйжада мамлекеттик кызматтарды алуу ылдамдап, формалдуу тоскоолдуктар азайды.

