Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Кытай Эл Республикасынын башкы аналитикалык борбору — Кытай коомдук илимдер академиясынын президенти Гао Сян баштаган делегация менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын аналитикалык борборлорунун, ошондой эле тарыхчылардын ортосундагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Арслан Койчиев Гао Сянды Кытайдын Цин доорундагы тарыхы боюнча белгилүү окумуштуу экенин белгилеп, анын азыркы эл аралык абал боюнча аналитикалык баяндамалары эксперттик чөйрөдө жогору бааланып жатканын айтты.
Ошондой эле Кытай коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарыхты изилдөө институтунун өкүлдөрү менен жолугушууда кыргыз элинин байыркы жана орто кылымдардагы тарыхына байланыштуу булактарды биргелешип изилдөө боюнча макулдашууга жетишилди.

