whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.02.2026
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыОрусия Зеленскийди Москвага сүйлөшүүгө чакырат

Орусия Зеленскийди Москвага сүйлөшүүгө чакырат

Орусия Украина президенти Владимир Зеленский Москвада Владимир Путин менен сүйлөшүүлөргө макул болгон учурда анын коопсуздугуна толук кепилдик берүүгө даяр. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков журналист Павел Зарубинге берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Россия президенти Владимир Путин бир нече жолу Зеленскийди Москвага чакырып, жолугушууга даяр экенин билдирген.

«Эгер Зеленский чындап жолугушууга даяр болсо, биз аны Москвага чакырабыз жана коопсуздугун толук камсыз кылабыз. Жолугушуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт», — деди Юрий Ушаков.

Ошондой эле ал АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Путин менен болгон телефон сүйлөшүүлөрүндө Россия менен Украинанын лидерлеринин жолугушуусун уюштуруу демилгесин бир нече жолу көтөргөнүн белгиледи.

Ушаковдун айтымында, Москва мындай байланыштардан эч качан баш тарткан эмес. Бирок сүйлөшүүлөр алдын ала жакшы даярдалып, так жыйынтыкка багытталышы керек.

Путин менен Зеленскийдин мүмкүн болгон жолугушуусу АКШ, Россия жана Украинанын 23–24-январда Абу-Дабиде өткөн үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин активдүү талкуулана баштаган. Ал сүйлөшүүлөр бардык тараптар тарабынан оң бааланган.

Axios басылмасынын маалыматына караганда, тараптар лидерлердин жолугушуусуна абдан жакын турат. Украина Тышкы иштер министри Андрей Сибига Зеленский Путин менен жолугушууга даяр экенин ырастап, анда аймактык маселелер жана Запорожье атомдук электр станциясынын келечеги талкууланышы мүмкүн экенин билдирген.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын сентябрында Владимир Путин Владимир Зеленский менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн четке какпаганын айткан. Ошол эле учурда Зеленский Москвада сүйлөшүү өткөрүү сунушу Россия тарап азырынча мындай жолугушууга толук даяр эместигин көрсөтөт деп билдирген.

Гезит

Окурман журтту кайра жаратуу

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити китеп окуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелерин талкулоо максатында “Окурман журтту кайра жаратуу” аттуу тегерек үстөл өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар