whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
16.8 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүРыспай Абдыкадыровдун айланасындагы имиштер: канчасы жалган, канчасы чын?

Рыспай Абдыкадыровдун айланасындагы имиштер: канчасы жалган, канчасы чын?

Рыспай Абдыкадыровдун кулактан кирип бойду алган мукамдуу муңайым обондору – табият тартуулаган кайталангыс таланттын үлгүсү болсо, ал жаркылдаган жароокер мүнөзү, жаш баладай баёолугу, алабармандыгы, ак көңүлдүгү, кээде «ооздугу жок азоодой» алып учкан чалпоолугу менен да адамдык пакизалыктын, жөнөкөйлүктүн кайталангыс үлгүсү боло алды. Ал бизге жаратмандыктын чыныгы үлгүсү болуу менен ар бирибиз жана баарыбыз сыйлаган, сыймык менен атын атаган улуу адамга айланды. Ал бизди ар дайым бийик адамгерчиликке, аруулукка жана чыныгы жаратмандыкка чакырып турганы менен да баалуу.

Бүгүн Рыспай Абдыкадыровдун артында калтырган баа жеткис мурасы гана эмес, ал тууралуу айтылган ар бир жаңы маалымат, жаңы сөз да таберик. Улуу залкардын талантын сыйлаган ар бир адам Рыспай акенин чыгармачылык өнөрканасы жана анын жеке тагдырына байланышкан маалыматтарды, ар бир сөздү жүрөгүнө жакын кабыл алат.

Кыргыз элинин сыймыгына айланган улуу залкар улут тарыхына Ош жергесинин Кызыл-Булак айылында төрөлгөн, Кара-Кулжа элинин даңазалуу уулу катары кирет. Бул эч ким талаша алгыс чындык болгондой эле, Рыспай Абдыкадыров кыргыз элинин уулу экени да эч качан талаш жаратпаш керек.

Кара-Кулжанын дагы бир таланттуу уулу, акын Карымшак Ташбаев «Ырдын пири – Рыспай» аттуу көркөм баяны – романында Рыспай Абдыкадыровдун санжырасын мындайча таратат. Долон бийден – Ак уул, Куу уул, Кызыл уул. Ак уулдан – Адигине, Тагай, Наалы эже. Адигинеден Сарт, Бөрү, Жору (Жолжакшы), Баргы, Бектен, Мунгуш. Жолжакшыдан эки уул – бири Жору, бири Кудайберди. Арийне, Жолжакшынын аты унутулуп, уруунун аты улуу баласы Жорунун аты менен аталып калат. Муну Жору эл башкарган, журт бийлеген, ак-караны айра тааныган ары акылман, ары көрөгөч, баатыр адам болгону менен байланыштырышат.

Жорудан Айжору, Ачажору, Атаке. Айжорудан Теңизбай, Тасма, Кожо. Теңизбайдан Булаш, Жалаң төш, Биймырза.  Рыспай – Жорунун булаш уруусунан. Булаштан Дос-мат, Досматтан Ырысбай (Ырысбай – ырчы Рыспайдын жетинчи кепатасы). Ырысбайдан Жаныке, Жаныкеден Байбарак, Байбарактан Ыса, Ысадан Эшимбек, Эшимбектен Бекташ, Бекташтан Абдыкадыр. Абдыкадырдан – Рыспай.

Абдыкадырдан үч уул, үч кыз. Тун уулу Кочкорбай, андан кийин Асан-Үпөл эгиздер. Асан төрөлгөндөн кийин чарчап калган экен. Үпөл 20 жашында жарык дүйнө менен кош айтышыптыр. Андан кийин Күмүш, Анаркан, Бокен. Бокендин өз аты — Калыбай.

Арийне, залкар обончунун ата тегине, жеке тагдырына, өмүр баянына байланышкан ар кандай сөздөр, имиштер Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүүсүндө эле айтылып, ал туурасында өзү да далай жолу кабардар болгону белгилүү. Ата теги тууралуу ар кандай имиш кептерге бирде мыйыгынан жылмайып тим болсо, айрым учурларда «жаңы туугандары» менен көкүрөк тийиштире туу-гандашып, «Ушу силердин айтканыңар да чындык болушу керек, себеби атамды көргөн жокмун да» деп кайра аларды ишендире айткан учурлары болуптур. Кыскасы, андай сөздөр Рыспайды өмүр бою коштоп жүрүп отурган. Бул ага эрөөн көрүнүш болгон эмес.

Мындай турмуштук жагдайларды обончу өзү туура түшүнүү менен кабыл алган жана азыр да туура кабыл алынышы абзел. Дүйнөнүн жарымын багындырган Чынгыз ханды кыргыз кылып, талашсыз “далилдер” менен тастыктап, Ленин менен Сталинди да тамаша чындан кыргыз кылып жиберген учурларыбыз бар, аларга караганда Рыспай өз балабыз болгон соң, аны ар ким өз айылдашы, өз бир тууганы катары көргүсү келгени анын нукура элдик адамга айланганынын белгиси эмей эмне.

Анысы кандай Рыспайга окшогон улуу адамдардын айланасында ар кандай легендалар, болмуштар айтылышы мыйзам ченемдүү нерсе. Андыктан, Жаңыбай Асрановдун «Мен айрылсам – сен да менден айрылдың» роман-эссеси «Ала Тоо» журналына жарыялангандан кийин анын тегерегинде катуу талаш-тартыш жаралып, улуу залкардын айрым күйөрмандары чыгарманын авторуна карата өтө катуу, калпыс сөздөрдү айтып ийгени ашыкча эле болгон.

Рыспайдын ата теги жөнүндө так маалыматтарды берген акын К.Ташбаев деле бул маселеге кайрылып, биз сөз кылган бая-нында “Рыспайдын өзбек аялдан төрөлүп, таластык болгону жөнүндө” деп атайы бир бөлүм арнаган. Анда Рыспай 1968-жылдары Таласка концерт коюп барып, кайсы бир айылда маңдайы жарык, жашамал аялдын үйүндө мейман болгону, ошол колхоздун башкармасы бул байбиче Улуу Ата Мекендик согуштун алдында Кара-Кулжада жашап турганын, күйөөсүнүн аты Абдыкадыр болгонун, согуш чыкканда ал фронтко кетип, а аялды темир жолдон Таласка салып жиберишкенин, жаңы эле төрөлгөн баласы кошунасында кала бергенин, баланын аты Рыспай экенин айтат. Анан ошол аял ушул деп тааныштырганда, тиги байбиче: “Менин уулум экенсиң, ошол баламдын аты Рыспай эле” деп кучактайт. Рыспай ал аялдын баласы эместигин, атасы да, апасы да башка адамдар экенин айтайын дегенде, аны менен чогуу жүргөндөр “Рыспай, анын баарын биз билебиз. Бу кемпирдин кубанчына суу сеппе. Баарыбызды сени балам деген үчүн коноктоп отурат” дешет экен. Ак көңүл Рыспай унчукпай калган имиш. Ушул эле бөлүмдө А.Капаров аттуу адам “Ош жаңырыгы” гезитине залкар таланттын теги тууралуу “өзбек аялдан төрөлүп, таластык болгону” тууралуу жазганы эскерилген.

Бир сөз менен айтканда, Жаңыбай Асранов Рыспай Абдыкадыровдун ата тегине кайрылган жана өзүнүн уккан-билгенин айткан алгачкы калемгер эмес.

Кийинки жылдарда Рыспай Абдыкадыровдун ата теги тууралуу дагы бир жаңы маалымат ачыкка чыкты. Кадырлуу аксакалдарыбыздын бири Абдысалам Юлдашев бул сөз Өзгөн районунун Чангеттеги Чалк-Өйдө айылында Токтомамат уулу Шанандын жылдык катмысына чогулган аксакалдар арасында айтылганын, Чангетке куда, Сузактын Орто Азия айылынан келген коноктордун бири Маматжанов Мойдун аксакал Рыспай Абдыкадыров сузактык Абдыкадыров Айтинин уулу болот, найман уруусунан деп айтканын ошол жерлик тууганы Базарали кабарлаганын айтат. Ал сөздү Базаралиге Өзгөн районунун Прогресс айылынын тургуну, эл агартуусунун мыктысы, устазы, 85 жаштагы Паизов Мурат агайы кабарлап: “Биз аксакал катары милдетибизден кутулдук. Ал эми бул кабардын чын-төгүнүнө чыгып коюу силердин иш” деп карыялык калыс сөзүн айтыптыр.

Жалал-Абад облусунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Мойдун аканын айтымында, ал студент кезинде Рыспай Абдыкадыров экөө бир бөлмөдө жашап калат. Сузакка айылга келгенинде Абдыкадыров Айти деген жетекчилик чоң кызматтарда иштеген адам “Рыспай менин балам болот. Сен Рыспайга айт, атаң Сузактык деп айт” дечү экен. “Отурган жериң айбанча, Гап урасың найманча, Герилесиң бобойсуң, Кай жерденсиң байбатча” деп Айти аканын айткандарын айтып барса, Рыспай: “Атам согушка кетип кайтпай калган” деп таптакыр мойнобоптур.

Абдыкадыров Айтинин уулу Максатбек Абдыкадыровдун Аким Акжолов менен бирдикте жазган “Хирург М.Абдыкадыров. Өмүрү жана турмушу жөнүндө повесть” деген китеп бар. Анда “Атамдын уруусу найман. Сузактын Кызыл-Сеңир айылынан болобуз. Атам Айти 1905-жылы туулуп, Улуу Октябрь революциясына чейин бай-манаптардын колунда малай жүрүптүр. Турмуштун айынан Батаали байдын колунда иштеп, бир тай үчүн эки жыл жүргөнүн айтып калчу. Кийин кеңеш өкмөтү орногондо эмгек жолун айылдык кеңештин катчылыгынан баштайт. Анан Кара-Дарыя айылына мугалим болуп барат. Аз убакыт өтпөй, НКВДга кызматка кирет. 1931-жылы Ташкентте эки жылдык милиция курсунда окуп, ошол мезгилде Өзбекстанда жооптуу кызматта иштеген Исхак Раззаков атамдарга философия, саясий экономикадан лекция окуптур. Атам менин да чекист болушумду каалаган. Окууну бүтүп, Молотовабат (азыркы Үч-Коргон), Фрунзе району, Куршаб, Өзгөн, Чоң-Алай, Гүлчө, Ала-Бука, Сузак, Ачы райондорунда милициянын, НКВДнын начальниги болуп иштеген. Тартиптин катуу-лугунан 1942-жылы чоң атам өлгөндө атасын көмгөнгө келе албаптыр. Кийин Жалал-Абад облустук ИИБнин начальнигинин орун басарлыгына көтөрүлөт. «Кызыл Жылдыз”, “За отвагу”, “За боевые заслуги” медалдары менен сыйланган. 1952-жылы ден соолугуна байланыштуу ИИМден кетип, токойчу болуп иштеди. Өмүрүндө үч жолу үйлөнүп, үч аялынан 14 баласы бар. 1988-жылы 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин кайтыш болду” деген маалымат бар. Бирок, китепте Максатбек Абдыкадыров Рыспай Абдыкадыров менен туугандыгы тууралуу такыр эскерген эмес.

Легендарлуу парламенттин депутаты Тойгонбек Калматов: “Абдыкадыров Максат деген агабыз бар эле. Мединститутту аяктагандан кийин Ахунбаев клиникасында иштеп, Ахунбаевдин көздөй шакирттеринен болуп, медицина илими боюнча кандидаттыгын жактады. Абдан таланттуу болчу. Кийин Жалал-Абадда ачылган медфакультетте иштеп жүрдү. Биздин мамилебиз жакын эле. Мен облусту жетектегенде жакын болуп, ага-инидей жүрүп калдык. Канат деген бир тууганы политехти бүтүп, Транспорт министрлигинин бир башкармалыгын жетектеп турду. Ошондо булар Рыспай менен жолугушуптур. Аны мага Максат аке айтты. “Тойгонбек, Рыспай Абдыкадыров биз менен бир тууган экен. Кошуна-колоңдордон, атамды жакшы билген адамдардан уктум эле. Канат инимди баштап алып, Рыспай менен жолугушуп, ушул багытта маек курдук. Рыспай да туура түшүнүп, биз бири-бирибизди ошондо табыштык. Атабыз жашаган жерге бир нече жолу чакырып, биз бир тууганбыз деп ачык жарыя кылган учурубуз бар эле. Тилекке каршы, атам тирүү кезинде жолуга алган жок” дегени жадымда. Мунун канчалык чындыгы бар, азыр Максат акенин да, Канат акенин да көзү өтүп кетти. Аны улуу муундагылардан такташ керек.

Бир жылдары Рыспай аке экөөбүз Ош облустук кеңешинин депутаты – коллега болуп калган учурда, ал: “Мен тага журтума апамдын курсагында келген экем. Ата-тегимди билүүгө аракет кылып жүрөм” деп айтканы бар. Демек, Рыспайдын ата-тегин изилдөөгө аракет кылып жүргөндөр бул ишти улантып, анын ата-теги тууралуу сөздөрдүн канчалык чын-төгүнү бар экенин тактап койсо болоор эле” – дейт.

Айтымда, Айти Абдыкадыров эки жолу үйлөнгөн экен. Биринчи аялы Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылынын кызы Азбүбүдөн: Пазилат, Максатбек, Канатбек, Канжарбек, Ырыскан. Азбүбү 1945-жылы 32 жашында кайтыш болуп, Айти эки жылдан кийин өзбек келинге үйлөнгөндө, анын баштагы күйөөсүнөн Кундуз деген кызы болгон экен. Айти акадан Улан, Макен, Өктөмбек, Дилбар, Роза, Майрам, Азизбек, Өсөрбек, Эркинбек деген балдар-кыздарды төрөптүр.

Айти аканин өзбек аялынан төрөлгөн уулу Азизбек ака мындай эскерет: “1940-жылдары Өзгөн менен Кара-Кулжа бир район экен. Атам Айти Абдыкадыров райондун күч органын жетектеп турат. Турмуш да, ошол учурда бир келин менен жылдызы келишип, нике кыйылып үйлөнөт да, аны ачыкка чыгара албайт. Тогуз ай болуп, төрөй турган ай-күнү жакындап калганда атам Айти: “Кыз төрөсөң, өзүң каалаган атты кой, уул төрөсөң Ырыскан кызыма уйкаш кылып Рыспай койгун. Кайрылып келип алып кетем” деп макулдашкан экен. Ал мезгилде эки аял алууга партиянын саясаты уруксат бербеген эмеспи. Ошондон улам кысталган го. Аңгыча башка районго кызматка которулуп кетет. Согуш аяктаган жылы биринчи аялы кайтыш болуп, апам сулуу экен, бир көрүп жактырып, үйлөнүптүр, биз тогуз бир тууганбыз.

Той-аштарга атам мени дайыма ээрчитип алат эле, “Айтини мен конок кылам” деп конок баккандар талашчу. Себеби, атамдан сөз уккулары келчү. “Рыспай сиздин балаңыз дешет?” деп сурагандарга атам болгонун болгондой айтып берчү. “Рыспай бир тууганыңар деп беттештирип табыштырам” деген максатына жетпей кетти. Ошентип Рыспай бир тууганыбызды тактай албай калдык”.

(Уландысы бар)

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар