Кытай бийлиги 40 күнгө созулган Жаз майрамы маалында өлкө ичинде 9,5 миллиард жүргүнчү сапары катталарын күтүп жатканын билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдагы 9 миллиард сапарга салыштырмалуу рекорддук деңгээл болмокчу.
Шейшемби күнү Азия боюнча жүз миллиондогон адамдар Ай календары боюнча Жаңы жылды тосуп алышты. Кытайда 12 жаныбардан турган жыл санагы боюнча Жылкы жылы башталды.
Ал жыл сайын 21-январь менен 20-февралдын аралыгында белгиленет жана Кытай менен Чыгыш Азиянын башка айрым өлкөлөрүндөгү эң маанилүү майрам болуп эсептелет. Бул күндөрү адамдар ибадат кылып, фейерверктерди аттырып, салтанаттуу иш-чараларды өткөрүшөт.
Адистердин айтымында, майрамдык мезгилдин узартылышы Кытай экономикасынын өсүшүнө оң таасир этет. Айрыкча ички керектөөнүн көбөйүшү Пекиндин быйылкы негизги максаттарынын бири катары каралууда.
Салт боюнча Кытай Жаңы жылды ири телешоу менен тосот. Быйыл да China Central Television (CCTV) уюштурган гала-концертте заманбап технологиялар өзгөчө көңүл борборунда болду. Майрамдык концерттин алкагында балдар жана гуманоид роботтор биргеликте согуш өнөрүн көрсөтүштү.

