“Бабурнаама” чыгармасы кыргызчаланды

0
4218

Алишер Навои атындагы Өзбекстандын Улуттук китепканасында Захириддин Мухаммад Бабурдун Бабурнаама чыгармасынын кыргыз тилиндеги котормосунун бет ачары болуп өттү.

Мааракеде “Өзбекстан–Кыргызстан” достук коомунун төрагасы, окумуштуу жана жазуучу Зухриддин Исамутдинов “Бабурнаама” XV–XVI кылымдардагы Борбор Азия тарыхын изилдөөдө негизги биринчи булак катары бааланарын белгиледи.

Анын айтымында, басылмада Фергана өрөөнү, Алай, Ош, Өзгөн, Аксы жана Памир-Алай аймактары тууралуу маанилүү маалыматтар камтылган. Бул материалдар аймактын тарыхый географиясын жана этностук тарыхын изилдөөдө кыргыз окумуштуулары үчүн баалуу булак болуп кызмат кылат.

Китепке Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев алгы сөз жазган.

Чыгарма кыргызстандык бабур таануучу окумуштуу, филология илимдери боюнча философия доктору (PhD) Хосият Бекмирзаева тарабынан өзбек тилинен кыргызчага которулган.

Басылманы даярдоого кыргыз жана өзбек окумуштууларынан турган адистер тобу катышкан. Адабий редакциясын философия илимдеринин кандидаты, доцент Төлөнбай Курбанов жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, жазуучу Абибилла Пазылов жүргүзүшкөн. Жооптуу редактор болуп филология илимдеринин доктору (DSc), бабур таануучу окумуштуу Шуҳрат Хайитов эмгектенген.

Редакциялык кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илим ишмери, профессор Кыяс Молдокосымов, КР УИА академиги, философия илимдеринин доктору Нур Саралаев, профессор Сулайман Кайыпов, ошондой эле Өзбекстан Илимдер академиясынын академиги Шуҳрат Сирожиддинов жана башка белгилүү окумуштуулар кирген.

Жаңы котормо эки элдин тарыхый-адабий байланыштарын бекемдөөгө жана Борбор Азиянын орто кылымдардагы тарыхын кеңири изилдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз