Кыргызстанда жүзүм чарбачылыгы туруктуу өнүгүп, көрсөткүчтөр оң динамиканы көрсөтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгында өлкөдөгү жүзүмзарлардын жалпы аянты 2 870 гектарды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 225 гектарга же 8,5 пайызга көбөйдү. Жалпы түшүм 5 990,1 тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 1 пайызга өстү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 20,5 центнерди түзгөн.
Тармакты колдоо максатында 2025-жылдын январь–май айларында Сербиядан алып келинген жүзүм көчөттөрү карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөрүлүп, вируссуз жана техникалык сорттор боюнча тандалып алынган.
Ошондой эле Лейлек районунда жүзүм өстүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелер ишке ашууда. Жаңы-Жер айыл аймагында кооперативдер «Аватар» жана «Кишмиш» сортторунун көчөттөрүн өстүрүп жатышат. Мындан тышкары, «Аватар», «Моникур Сиңгер» жана «Кишмиш» сортторуна адистешкен жаңы питомник уюштурулууда.

