“Кыргыз Туусу” гезити “Апа, мени менен сүйлөшчү” деген темада тегерек стол өткөрүп, бүгүнкү күндөгү ата-энелер менен балдардын ортосундагы мамиле тууралуу кеп козгоду. А. Каниметов атындагы мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Мунара Аргынбай кызы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, III даражадагы Манас орденинин ээси, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов, ошондой эле, балдар психологу Нургүл Барпиева конокто болушту.
Журналист
Керим АЙДАРОВ:
– Биз бүгүн балдардын тарбиясы, балдардын ата менен эненин ортосундагы болгон мамилени кеп кылалы деп турабыз. Ошондуктан, “Ата, мени мени менен сүйлөшчү же “Апа, мени менен сүйлөшчү” деген теманы алдык. Анткени, бул боюнча Кыргыз өкмөтү атайын эки айлык жарыялаган…
Гапыр агай, улуу катары, мырза катары кыргыздын нарк-салты боюнча биринчи суроону сизге берейин деп турам. Айтсаңыз, биз балдар менен кантип сүйлөшүшүбүз керек?
Гапыр МАДАМИНОВ:
– Жакшы болот. Бул тема бүгүнкү күндө чындыгында олуттуу. Коомубузда болуп жаткан зордук-зомбулук, наркомания, укук бузуулардын бардыгынын түпкүлүгүндө мамиленин жетишпестиги. Андан да маанилүүсү, балдарга ата-эненин үй-бүлөдө, коомдо мээрим менен сүйүүнүн жетишпестигинин айынан болуп жатат. Ошондуктан, бул теманын алкагында кеп козгоо зарыл болууда.
Керим АЙДАРОВ:
– Мунара айым, кезекти сизге берейин. Бүгүн биз балдарды карабай койгондойбуз. Балдар өзүнчө телефон менен аркы бөлмөдө, ата-эне өзүнчө берки бөлмөдөбүз.
Мунара АРГЫНБАЙ кызы:
– Рахмат. Менин пикиримче азыркы учурда көп ата-энелер материалдык жактан камсыздап эле, руханий жан дүйнөсүнө көңүл бөлбөй жатышат. Ата-эне кичинесинен баштап баланын жан дүйнөсүнө, келечегине кам көрүш керек. Аларга китеп окууну үйрөтүп, бармактайынан китепке болгон кызыгуусун ойготушу керек. Анүчүн ата-эне өзү китеп окуш керек. Аталар, апалар кечинде үйгө келгенде: “Балам, кандай китеп окудуң, кандай иштер болду?” – деп күнүгө сурап, бетинен өөп, кучакташ керек. Мисалы, мурун биз апаларыбыздын: “Айланайын кызым, арыктап кетипсиң”, – деген эле сөзүнөн тоодой мээримди, жылуулукту сезип, “семирип” калчубуз. Кичинебизде чоң апаларыбыз биз уктаарда жомок айтып берчү. Азыр андай жок. Эмнегедир баарыбыздын колубуз бош эмес. Кечинде үйгө келгенде тамак ичебиз, курсак тойгузабыз да бөлмөлөргө тарап кетебиз. Бул туура эмес. Баланын жанында болуп, ага сапаттуу көңүл бөлүп, дайыма сүйлөшүп тыгыз байланышта болуш керек. Бала менен сүйлөшпөй коюу – бала тарбиялоодогу кетирген чоң катабыз.
Керим АЙДАРОВ:
– Сиз өзүңүз жомок айтып бересизби?
Мунара АРГЫНБАЙ кызы:
– Кээде кызыктуу жомокторду айтып берем. Мүмкүн болушунча кичинекей кызым менен ойноп, анын каалоолорун аткарганга аракет кылам. Мисалы, кечинде сейилдеп басып келели десе басып келем. Албетте, ар дайым эмес. Шартка жараша. Бирок, көңүл бурганга тырышам.
Керим АЙДАРОВ:
– Нургүл, микрофонду сизге узатсак.
Нургүл БАРПИЕВА:
– Мен 2006-жылдан бери балдар психологу болуп иштеп келатам. Өзүмдү өнүктүрүү үчүн ар дайым тренинг, семинарларга барып турам. Бир жолу ошондой окууларда жүрүп, еврей психолог менен таанышып калдым. Ал: “Биз балдарыбызды тарбиялабайбыз”, – деди. Мен аябай таң калып, “эмнеге тарбиялабайсыңар, балдарга тарбия керек да?” десем, күлүп: “Биз алгач өзүбүздү тарбиялайбыз жана балдарга үлгү көрсөтөбүз”, – деди. Ошол психологдун сөзүнөн кийин багытымды бир аз өзгөрттүм. Башкача айтканда, ошондон тартып мен көбүнчө балдар менен эмес, ата-энелер менен иштегенге өттүм. Ата-энелерге “Ата-эне болуу искусствосу” деген семинарларды өтө баштадым.
Мага эне-аталар: “Менин балам менен иштечи, балам көйгөйлүү болуп жатат”, – деп келишет. Балаңызды коюп эң оболу экөөбүз сүйлөшөлү дейм. Себеби, “көйгөйлүү бала” деп алып келип жаткан баланын көйгөйдө экенин көрөм. Ага жардам керек, ага ата-эне керек, ата-энени түшүнүүсү, колдоосу керек. Мурун союз учурунда ата-энелерибиз кантип акча тапсак, кантип балдарыбыздын курсагын тойгузсак деген менен алек болуп, балдарга убакыт бөлө албаган болсо, бүгүнкү ата-энелерде кантип мындан да көп акча тапсам деген көйгөй бар. Жакында жүргүзгөн илимий изилдөөмдүн жыйынтыгы мурдагыдан дагы азыркы балдардын жапа чегип жатканын көрсөттү.
“Бул балага телефонду такыр бербей, биротоло алып коюш керек болуп калды. Телефон колдонгондон бери сабагын окубай калды”, – дешет. Азыркы балдар цифровой балдар. Аларга биз телефонду алып койгонду эмес, туура колдонгонду үйрөтүшүбүз керек.
Керим АЙДАРОВ:
–Телефонду кантип туура колдонуш керек? Бүгүн телефон өтө чоң көйгөй болуп жатат.
Нургүл БАРПИЕВА:
– Туура айтасыз, азыр телефонго чалуу же билдирүү келбесе деле улам-улам карай берүү адатка айланып калган. Бирок, биз бул адаттан арылуу үчүн белгилүү бир өлчөмдө лимит коюп алуу керек. Мисалы, 24 сааттын 30 мүнөтүн ютубга же 30 мүнөтүн инстаграм караганга бөлүп койсок болот. Экинчи ыкма, телефонду үнсүз режимге коюп коюу да пайдалуу. Ошондой эле, кечинде үйгө барганда үй-бүлөңө, балдарыңа көңүл буруу үчүн, бардык телефондорду атайын кутучага салып коюуну салтка айландырса болот. Тилекке каршы, көпчүлүгүбүздө өздүк тартип жана эрк жок. Эгер, ата-эне баласынан талап кыла бербей эң оболу өзү телефонду койсо, бала автоматтык түрдө таштайт.
Керим АЙДАРОВ:
– Баланы тарбиялаш үчүн ата-эне тарбиялуу болушубуз керек деп жатабыз. Маселе, бүгүн ата-энелерди тарбиялай алабызбы? Биз телефонду колдонуу жөнүндө сабак өтүшүбүз керек окшойт?
Мунара АРГЫНБАЙ кызы:
– Туура. Биз балдарды кичинекейинен эле телефон деген эмне жана жаман, жакшы жактарын көрө билүүнү аң-сезимине сиңиришибиз керек. Анткени, телефондун жакшы жактары көп болуп жатпайбы. Биз жаман жагын айтпашыбыз керек.
Гапыр МАДАМИНОВ:
– Айткандарыңыздардын баары туура. Бирок, айланып бардык нерсе ата-эненин педагогикалык маданиятына келип такалат. Ата-эненин инсандык өздүк тартибине байланат. Биз телефон маданиятын мындан 25 жыл мурун “Энелер мектеби” программасы аркылуу окутуп баштаганбыз. Азыр да окутуп жатабыз. “Энелер мектебинде” баланын бойго бүткөндөн тартып 17-18 жашка чейинки физиологиясы, психологиясы жөнүндө китептерди жазганбыз. Ошонун ичиндеги 30-40 теманын бирөөсү медиа сабаттуулук. Телефонду акыл эстүү пайдалануу жөнүндө ата-энелерге сабак өтөбүз. Биз балдардан кандай жакшы нерсени көргүбүз келсе, аны ата-энеден баштасак жакшы болот эле. Булактын башы – ата-эне. Караңгылыкты тилдегенден көрө, бир бурчуна шам жак дейт. Ошондуктан, биз өзүбүздүн милдетибизди так аткара берели. “Энелер мектебинин” 25-30 жылдык тарыхында балдардын тарбиясы, ата-эне менен мамилеси тууралуу лекция өткөндө ыйлап отуруп уккан апаларды кездештиребиз. “Мен балдарыма карата ушунчалык көп ката кетирипмин, мен баарлашпайт экемин, сүйлөшпөйт, кызыкпайт, шыктандырбайт экемин, колдобойт экемин. Баламды жаш кезинен таштап коюп, мигрант болуп кетиптирмин”, – деп каталарын түшүнүп мойнуна алган ата-энелер болгон.
“Апа, мени менен сүйлөшчү” деген темаңызга келсем, азыр кооомубузда адамдар бири-бири менен сүйлөшпөй калды. Жубайлар бири-бири менен сүйлөшпөй калышты. Иштен келишет, экөө эки телефонду карашат. Телефон алысты жакын кылды, жакынды алыс кылды. Мамиле деген нерсе үзүлүп баратат. Бул өтө чоң маселе. Жубайлардын ортосундагы мамиленин жоктугунан, ата-баланын ортосундагы мамиле да жок болуп жатат. Ушул маселени байкап, мен “Ымала мамиле” деген китепти жаздым. Анда жалаң гана сүйлөшүү эмес, адамдардын ортосундагы мамиледе 30 пайыз гана сөз менен берилет экен. 50-70 пайызы дененин тили (мимика, көз караш, жактыруу, сүйүнүү, эмоционалдык колдоо) менен берилет экен. Ушул жагынан биз көп аксайбыз. Себеби, ал окутулбайт.
Ушуга байланыштуу бир окуя айтып берейин. Кызы мектептен келип, дептерин апасына көрсөтүп: “Карасаңыз, менин жазган дил баяныма эң жакшы баа койду десе, апасы: “Ары турчу. Бар атаңа көрсөтчү. Мен Айша энең менен сүйлөшүп жатам. Эртеңки тойго кайсы көйнөгүмдү киеримди билбей жатам”, – дейт. Кыз атасына барды да: “Ата, менин тарткан сүрөтүмдү, жазган дил баянымды көрүңүзчү”, – дейт. Атасы: “Жакшы экен, жакшы экен. Апаң бошосо апаң көрөт”, – деп коет. Эртеси келип, дагы дептерин көрсөтөт. Ага көңүл бурган эч ким жок. Ошондо кыз: “Эмнеге колуңар бошобойт. Мени менен сүйлөшкүлөчү”, – десе, апасы: “Кызым, биз силерди багабыз деп кечке иштейбиз. Ошондуктан, такыр бошобойбуз”, – десе, кыз: “Апа, анда айтыңызчы, сиздин бир айлыгыңыз канча”, – дейт. “Базарда керели-кечке жүрүп бир айда 25-30 миң сом акча табам”, – дейт апасы. 7-8-класс окуган кызы ошол күндөн баштап май куюу-чу жайга барып, эшигин шыпырып, автоунаа жууп акча жыйнай баштайт. 20 күндөн ашык иштеп, 25 миң сом акча топтойт дагы, конвертке салып “Сүйүктүү апама” деп жазып: “Мен сиздин 1 айлык акчаңызды таптым. Ушул акчаны алыңыз дагы, мени бир ай кучактап жүрүнүзчү, апа”, – дегенде апасы ыйлап: “Кечир мени, кызым. Бүгүнтөн баштап мен сенин апаң боломун”, – деген экен. Бул эпизодду китептериме бергем. Орусча айтканда, бул “трогательный” эпизод бүгүнкү күндө биз балдарыбыздан канчалык деңгээлде алыстап кеткенибизди көрсөтүп турат…
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”
Бул маектин толук видео версиясын “Кыргыз Туусу” гезитинин ютуб каналынан көрсөңүздөр болот.