whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
17.06.2025
35.5 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЮНЕСКОдогу акындар айтышы

ЮНЕСКОдогу акындар айтышы

Төкмөлүк өнөр илгертен кыргыз, казак элинин кан-жанына сиңген, кылымдар бою келе жаткан касиеттердин бири болгондуктан адатта төкмө акындар айтышы кыргыз, казак жергесинде гана болуп келгени баарыбызга маалым. Быйыл 17-майда төкмөлүк өнөрдүн тарыхында биринчи жолу эл аралык ЮНЕСКО уюмунун Франциянын борбору Париждеги штаб-квартирасында кыргыз, казак төкмө акындарынын эки элдин достугун даңазалаган айтышы болуп өттү. Ага эки элдин жез таңдай акындары катышып, татыктуу байгелерге ээ болушту. Кыргыз Республикасынын Франциядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шернияздын демилгеси менен уюшулган бул айтыштын баш байгеси менен 1-орунду жеңип алган Азамат БОЛГОНБАЕВ жана Акматбек СУЛТАН уулун кепке тарттык. 

Кыргыз-казакты ааламга тааныткан айтыш өнөрү

Төкмө акын Азамат Болгонбаевдин айтымында, бул эл аралык айтышты Кыргыз Республикасынын Франциядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шернияз демилгелеп, ЮНЕСКО уюмундагы Кыргызстан, Казакстан өкүлчүлүгү биргелешип уюштурган. «Бул айтышка кыргыз тараптан ЖК депутаты Шайырбек Ташиев, а казак тараптан Нуртай Сабильянов деген жигит демөөрчү болушту. Бул чет өлкөдө өткөн биринчи кош байге айтыш болду. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2003-жылы кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы ЮНЕСКОнун шедеври катары катталган. 2015-жылы болсо Кыргызстан «Айтыш», Казакстан «Айтыс» өнөрү деп айтышты маданий баалуулук катары каттаткан. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын дүйнөлүк деңгээлде тааныган ЮНЕСКО уюму болгондуктан эл аралык айтышты ЮНЕСКОдо өткөрүү негизги максат болгон. Ал максат быйыл буюрса уюштуруучулардын аракети менен ишке ашты. Эми айтыш өнөрүнө дүйнөлүк деңгээлде маани берилип, изилденет деген үмүт бар. 17-майдагы айтыш учурунда кыргыз, казак тараптан эл аралык айтыштарды дагы башка өлкөлөрдө да уюштуруу ойлору айтылып жатты. Бирок, азырынча кайсыл өлкөдө өткөрүү так аныкталган жок.

Казакстан, Кыргызстандагы айтыштарда эки элдин ички, тышкы маселелери, саясаты, руханий көйгөйлөрү айтылып кетчү эле мында андай учурлар болгон жок. Бул жолу дүйнөлүк уюмдун алкагында өтүп жаткандыктан жоопкерчилик менен байыркы мезгилден азыркы доорго чейинки руханий алакалар тууралуу  ырдадык. Кудай буюрса, бул айтыш ЮНЕСКОнун You Tube каналына чыгат. Ошондо негизги көрүүчүлөр казак, кыргыздар болгону менен бул уюмга мүчө өлкөлөрдө да кызыгуу жаралат болуш керек деп ойлойм. Себеби, ЮНЕСКОдо өткөн кандай иш-чара болбосун мүчө өлкөлөр саресеп салып, кызыгып, анализдеп турат», – дейт Азамат Болгонбаев.

«Дүйнө элинин айтышка көз салып турушу чоң сыймык»

Бул эл аралык өзгөчө айтышка катышкан кыргыздын көйкашка төкмө акыны Акматбек Султан уулунун айтымында бул өзгөчө маанилүү айтыш болгон. «Бул айтышка Кыргызстандан Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Максат Кулуев жана мен катыштым. Казакстандан болсо Бөрүбай Орозумбетов, Айбек Калиев, Дидар Камиев, Абай Жолмагамедов, Меербек Султанкан деген беш акын келди. Негизи бизден да беш акын бармак. Асылбек Маратов бара албай калып эки-экиден 4 акындык айтыш болду. Айтышта эки элдин бир туу-гандык тарыхы, тагдыры, бирине бири айкалышкан маданияты, келечеги жана дүйнөлүк көйгөйлөр да козголду. Бул айтышты Кыргыз Республикасынын Франциядагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Садык Шернияз демилгелеп, уюштурган экен. Айтыштын 10 миң доллар байге фондусун Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев көтөрүп бериптир. Бул жакшы саамалыктын өзгөчөлүгү – айтышты кыргыз тараптан акын, Кыргызстан парламентинин депутаты Мирлан Самыйкожо, а казак тараптан акын, Казакстан парламентинин депутаты Аманжол Алтай экөө алып барышты. Сүйүнгөнүбүз Европада жашаган кыргыз, казак боордоштордун көбү колдоп, сүрөп, көрөрман болуп беришти. Анан Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова айым кыргыз, казак достугун, баалуулуктарын даңазалаган эки акындын ар бирине 1000 евродон сыйлык уюштуруп, берип жибериптир. Бул төкмөлүккө болгон өзүнчө бир урмат, сый болду.

Барыш-келиш чыгымыбызга келсек, жол киребиз Кыргыз улуттук «Манас» театрынын эсебинен болуп, биз менен театрдын директору Нурбек Талантбеков сапарлаш болду. Байгелер боюнча айтсам, кыргыз тараптан баш байгени Азамат Болгонбаев, 1-орунду мен, 2-орунду Амантай Кутманалиев, 3-орунду Максат Кулуев агаларыбыз жеңип алды. Казак туугандардан баш байге Айбек Калиевге, 1-орун Дидар Камиевге, 2-орун Мирбек Султанканга, 3-орун  Абай Жолмагамедовго берилди. Чынында айтыш жогорку деңгээлде өттү. Дүйнөлүк ЮНЕСКО уюмунун штаб-квартирасында кыргыз, казак элинин достугу ырдалып, тарых барактарынын аңтарылганы кыргыз-казак айтышындагы, дүйнөлүк шедеврге кирген айтуучулук тарыхындагы өзгөчө окуя болуп калды десем болот.

Албетте, бул айтышка чет өлкөлүктөр, башка өлкөлөрдүн ЮНЕСКОдогу өкүлдөрү да көрүүчү болду. Башкырстан республикасынын өкүлү келип биз менен учурашып, башкыр менен кыргыз эли бир тууган экенин айтып жүрөктү жылытты. ЮНЕСКО уюму БУУдан кийинки эле табийгатты, билим, өнөрдү, маданиятты коргогон, баалуулуктарды шарттаган бир чоң уюм эмеспи. Анан ушул уюмда айтыш өтүп, кыргызымдын мамлекеттик желеги илинип, бүт дүйнө элинин айтышка көз салып турушу өзгөчө толкуткан, чалкыткан сыйлык экен. Анын үстүнө бул айтыштын биринчи максаты алыста жүрүп төкмөлүктү сагынган элдин көңүлүн ачуу болсо, экинчиси, ошол жакта иштеп жүргөн кыз, жигиттерге айтыштын тарбиялык маанисин жеткирүү болду. Үчүнчү багыты, улуттук өнөрдү, аң-сезимди көкөлөтүп көтөрүү болуп калды. Бул айтышка Германиядан 30дай мекендешибиз келип, бизди ал жакка чакырышты. Албетте, аны элчиликтер уюштурушса биз барганга дайым даярбыз. Себеби, алыстагы боордошторго руханий азык берип турбасак, биротоло ал жакта калган кыргыздардын урпактары кийин эмне болот деген маселе бар. Ошондуктан чет өлкөлөрдө тез-тез айтыш болуп турса жакшы болчудан экен», – дейт Акматбек Султан уулу.

СОВЕТ уулу Мелис,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар