whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
17.06.2025
35.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАКШ өкмөтү Гарвардды чет элдик студенттерди окутуу укугунан ажыратты

АКШ өкмөтү Гарвардды чет элдик студенттерди окутуу укугунан ажыратты

Трамптын администрациясы Гарвард университетин чет өлкөлүк студенттерди окутуу укугунан ажыратты. Бул тууралуу АКШнын Ички коопсуздук министрлиги кабарлады.

Министр Кристи Ноэм университеттин чет элдик студенттерди кабыл алып, окутууга уруксат берген атайын сертификатын жокко чыгарууга буйрук берди.

Эми чет өлкөлүк студенттер АКШда билим алуу үчүн атайын F же M категориясындагы виза алышы керек. Мындай визаны берүү укугу сертификаты бар гана университеттерге берилет. Гарвард сертификатынан ажырагандыктан, учурда окуп жаткан чет элдик студенттер башка университеттерге өтүүгө тийиш, болбосо алардын АКШда калуу укугу жоголот.

Гарвард университети бул чечимди мыйзамсыз деп атап, эл аралык студенттерди жана окумуштууларды колдоо боюнча өз позициясын билдирүү аркылуу жарыялады.
«Биз Гарвардда билим алып жаткан 140тан ашык өлкөдөн келген эл аралык студенттердин укугун коргойбуз жана бул академиялык ар түрдүүлүк АКШны байытып жатканын унутпашыбыз керек», – деп жазылган билдирүүдө.

Мындай чечимге чейин да Трамп администрациясы менен Гарварддын ортосунда тирешүү бар болчу. Университет башкаруу, кабыл алуу эрежелери жана студенттик клубдар боюнча талаптарга макул болбой койгондон кийин, өкмөт 9 миллиард долларлык мамлекеттик каржылоонун ичинен 2,2 миллиард долларды токтотуп койгон.

Учурда бул маселеде федералдык сотко кайрылган Гарвард мыйзам бузуу бар экенин белгилеп, өз укугун коргомой болду.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар