whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
16.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом60 метр тереңдиктен алынган таштандылар

60 метр тереңдиктен алынган таштандылар

Туристтик сезондун башталышын утурлай, Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо иштери активдүү жүрүп жатат. Буга байланыштуу ӨКМге караштуу Суучулдар кызматынын көлдү тазалап жаткан учурун жеринде көрүп келдик.

Көл эки ирет тазаланат

Ысык-Көл жылына 2 жолу ӨКМдин Суучулдар кызматы тарабынан жазда жана күздө тазаланат. 2023-жылы 112 миң метр узундуктагы синтетикалык торлор, 12 тоннадан ашуун таштанды чыгарылса, 2024-жылы 218 миң метр узундуктагы торлор жана 22,5 тонна таштандылар чыгарылган. Ал эми быйыл болсо, 5 тонна таштанды жана 10 миң метр тор чыгарылды. Май айынын башында башталган тазалоо иштери учурда Чолпон-Ата шаарында уланууда. Бул иш-чара жайкы туристтик сезондо эс алуучуларга коопсуз шарт түзүү жана көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу болуп
саналат.

Буга чейин жеке суучулдар тарабынан да көлдү тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Бирок, алар бир-эки күн гана иштеп, терең жерлерге кире алышкан эмес. Ал эми ӨКМдин суучулдары 60 метр тереңдикке чейин кире алышат.

Дарыгер уруксат бербесе, суучул сууга түшпөйт

Суучулдардын ден соолугу күн сайын дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Эгерде дарыгерлердин уруксаты болбосо, ал суучулду сууга түшүрүүгө эч кимдин укугу жок. Суучулдар кызматынын дарыгерлеринин айтымында, мындагылар көбүнчө муун ооруларына чалдыгышат. Сасык тумоого кабылса дагы ал суучулга сууга түшкөнү уруксат берилбейт.

“Сасык тумоо, гайморит, ринит (мурундан суу агуу) жана башка ооруларга кабылса, дароо дарыланууга жиберилет. Ал кызматкердин ден соолугу калыбына келгенге чейин сууга түшүүгө тыюу салынат”, – деди суучулдардын дарыгери Алина
Бейшенбекова.

Суу астында эмнелер гана жок

Улук инструктор Искендер Рысалинов 6 жылдан бери суучул кызматында иштейт. Ал ар бир сууга түшүү өзүнчө эмоция тартуулай турганын айтты. “Биринчи жолу суу астына түшкөн өзүнчө бир дүйнө, чексиз эмоция дешет. Ал эми мен үчүн ар бир сууга түшүү өзүнчө эмоция тартуулайт. Мен 20 метрге чейин суу астына түшүп таштандыларды чогултуп чыктым. Шамал менен учуп келген таштандылар же балдар ичине кум салып ыргыткан бөтөлкөлөр көп учурайт. Ар бир топто 5-6дан адам иштейбиз. Буюрса туристтик сезонго чейин көлдү тазалап бүтөбүз. Көл ичинен ар бирибиз аз дегенде 5тен мүшөк таштанды чогултабыз. Жарандардан суранычыбыз сууга таштандыларды ыргытышпаса, ансыз деле табигый жолдор менен көлдүн астында чогулуп жаткан таштандылар көп болууда. Суучулдардын колунда электрондук саат бар, анда суучул канча метр тереңдикке чейин кире ала турганы баары көрсөтүлүп турат. Кургакка чыкканда дароо медицина кызматкерлери кароодон өткөрүшөт”, – деди ал.

13 суучул улам чумкуп тазалайт

Ысык-Көлдө учурда Суучул кызматынын 17 кызматкери болсо, анын ичинен суунун астынан таштанды тазалоого 13 суучул тартылган. Алар 20 метрге чейин кирип таштанды чогултушууда. Көлдүн түбүнөн пластикалык жана тамак-аш азыктарынын калдыктары көп чыгып жатканын аталган кызматтын жетекчиси Сабыржан Аламанов билдирди.

“Эс алуучулар көлдүн жээгине таштандыларын таштап кетишет. Ал шамал аркылуу сууга түшүп жатат. Ысык-Көл аймагында полиэтилен баштыктарды колдо-
нууга тыюу салышты. Бул да болсо таштандынын азайышына шарт түзөт деп ишенем.

Биз браконьерлер орноткон синтетикалык торлорду чыгарабыз. Тор салып жаткан жеринен кармалган адамдар болсо, биз аларды тийиштүү органдарга өткөрүп беребиз, аларга мыйзам чегинде чара көрүшөт.

Таштанды кайда көп?

Суучулдар кызматынын жетекчисинин маалыматына ылайык, эң таштанды көп чыккан жерлер бул – Кара-Ой, Чолпон-Ата, Бостери айылдары болуп саналат. Анткени, бул жерлерде эс алуучу жайлар көп болгондуктан, эл  күнү-түнү көп болот. Атайын кайыктар менен көлдүн ортосуна барганда таштандыларды сууга ыргыткандар да бар. Ошондон улам суунун астында бул аймактарда таштанды көп.

Ошол эле учурда кээ бир аймактар ушунчалык таза болот. Керек болсо, бир мүшөк таштанды чыкпайт.

Суучулдар атайын окутулат

Суучулдар мектебинин директору Эсен Пратов аталган мектеп ачылгандан бери иштеп келет. Бул жерде окугандарга “куткаруу-чу”  сертификаты берилет.

“Биз жаңы куткаруучуларды окутуу менен гана чектелбестен, мурда окуп кеткендерден дагы жыл сайын экзамен алып турабыз. Биздин мектепти бүткөндөргө сертификат менен кошо күбөлүк берилет. Күбөлүктүн мөөнөтү бүткөндө келип экзамен тапшырып кетишет. Бүгүнкү күндө бир тайпада 10-12 бала куткаруучу курсунда окуп жатат. Биз жаңыдан куткаруучу болуп иштейм деп келгендерге 45 жашка чейин деп чектөө койгонбуз. 45 жаштан жогорулар куткаруу курсуна окуй алышпайт”, – деди Э. Пратов.

Суучулдар мектебинин директорунун айтымында, бул мектеп өлкөдөгү жалгыз мектеп болуп саналат. Мында жети облустан келип билим алышат. Бирок, зарылчылык болгондо мектептин бир кызматкери аймактарга барып окутуп келиши мүмкүн.

 

Султанбек АМАНБЕК уулу
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар