Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда жүрүп жаткан ири өндүрүштүк объекттердин курулушунан кабар алды.
Алгач, Кара-Суунун Датка айыл аймагындагы “Салих-Строй” асфальт жана бетон чыгаруучу заводунун курулушу менен таанышып чыкты. Бул ишкана 2 гектар жерге курулууда, долбоордун жалпы наркы — 261 миллион сом. Завод 2025-жылы пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.
Андан соң, Манас айыл аймагында “Жети-Баатыр” эт жана сүт азыктарын чыгаруучу заводунун курулушу менен таанышып, жумуштун жүрүшүн көрдү. Маалыматка ылайык, бул завод да 2025-жылдын аягына чейин бүтөт. Анын баасы — 427 миллион сом. Ишкана ишке берилгенден кийин 300дөн ашуун адам жумуш ордуна ээ болот.
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев: “Мындай жергиликтүү ишкерлердин инвестициялары пайда болгону экономикадагы кардиналдуу өзгөрүштөрдөн кабар берет. Жакынкы эле жылдары өлкө чет элдик инвестицияларга гана үмүт кылып келсе, эми өлкөбүздүн жана жеке ишкерлердин кирешелери олуттуу көбөйгөнүн көрүп турабыз. Олуттуу суммадагы каражаттар жеке ишкерлерде болуп жатканы өлкө экономикасынын өсүшүнөн кабар берет. Салык төлөп, таза иш жүргүзүүнү көздөгөн ишкерлерди мамлекет дайым колдоо көрсөтөт”, — деп белгиледи.
Белгилей кетсек, бул объектилер үстүбүздөгү жылы ишке бериле турган 134 өндүрүштүк ишканалардын тизмесине кирген.