Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыРумыниянын Конституциялык соту либерал Дандын жеңишин расмий тааныды

Румыниянын Конституциялык соту либерал Дандын жеңишин расмий тааныды

22-майда Румыниянын Конституциялык соту Бухаресттин либерал мэри Никушор Дандын президенттик шайлоодогу жеңишин расмий тааныды. Ал 26-майда ант берип, өз кызматын расмий түрдө баштайт.

Никушор Дан бул жеңишти “тарыхтын жаңы барагы” деп атап, румын эли берген ишенимге чоң жоопкерчилик менен карарын белгиледи. Ал Румыниянын Европа Биримдиги менен тыгыз кызматташтыгын жана Украинага колдоо көрсөтүүнү жактайт.

Шайлоонун экинчи айлампасы 18-майда өтүп, анда Дан 53,6% добуш менен жеңип чыкты. Анын саясий атаандашы – ашынган оңчул, “Румындардын биримдиги үчүн альянс” (AUR) партиясынын лидери Жорже Симион 46,4% добуш алды.

Биринчи айлампада (4-майда) Симион алдыда болуп, 40,5% добушка ээ болгон, ал эми Данды шайлоочулардын болгону 21% колдогон. Бирок экинчи айлампада Никушор Дан күчтүү колдоого ээ болуп, жеңишке жетти.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар