Башкы беткеМаанилүү"Камчыбек Ташиев эч бир чет өлкөлүк футбол клубунун акциясына ээлик кылбайт"

«Камчыбек Ташиев эч бир чет өлкөлүк футбол клубунун акциясына ээлик кылбайт»

Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Словакиянын «Тренчин» футбол клубунун акциясын сатып алган деген сөздөрдү төгүндөдү.

Уюмдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган маалыматта:

«Камчыбек Ташиев эч бир чет өлкөлүк (анын ичинде «Тренчин» клубу) жана жергиликтүү футбол клубдарынын акцияларына ээлик кылбайт. КФБ жана анын жетекчилиги чет элдик инвестицияларды тартуу, эл аралык тажрыйбаны колдонуу жана квалификациялуу адистерди тартуу менен өлкөдөгү футболду өнүктүрүү максатында эл аралык кызматташтыкты активдүү жүргүзүп келет. Словакиянын «Тренчин» клубу менен расмий кызматташтыктын алкагында эки кыргыз футболчусу бул клубдун курамында даярдыктан өттү. Ошондой эле КФБнын бир машыктыруучусу учурда аталган клубда окуудан өтүп жатат»,-деп жазылган.

Мунун алдында Камчыбек Ташиев «Тренчин» клубунун карыздарын жаап, анын 10% акциясын сатып алды деген маалыматтар чыккан.

Ал эми ушул жылдын башында Ташиевдин уулу, Кыргызстандын жаштар курама командасынын капитаны Эмир-Хан Кыдыршаев «Тренчин» менен 1,5 жылдык келишим түзгөнү, аталган клубдун курамында ойнору тууралуу маалыматтар чыккан.

Тактай кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы февралда Кыргыз футбол биримдигинин төрагасы болуп шайланган.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар