Башкы беткеМаанилүүРезиденцияда Кыргызстандын судьяларынын XIII курултайы өтүүдө

Резиденцияда Кыргызстандын судьяларынын XIII курултайы өтүүдө

Мамлекеттик резиденцияда Кыргыз Республикасынын судьяларынын акыркы 3 жылда аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарган XIII курултайы өтүүдө.

Кезектеги курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Кыргызстандын сот бийлиги өлкөдөгү демократиялык принциптерге жооп берерин билдирди.

Ошондой эле сот системасындагы коррупцияга каршы күрөш, тармактагы ишти санариптештирүү жана сот тутумундагы сот адилеттигинин ачыктыгын жогорулатуу сыяктуу бир катар маанилүү багыттарга басым жасады.

Ал эми Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сот бийлигине коомго адилеттик орнотуу милдети коюлганын жана ар бир сот кызматкери бул милдетти жоокерчилик менен аткарышы керек экендигин белгиледи.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген судьялар, мамлекеттик органдардын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле сот тутумунун ардагерлери, адвокаттар катышууда.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар