whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
15.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров: "Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот"

Садыр Жапаров: «Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот»

Судьялардын айлык маянасы 100% көтөрүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын судьяларынын ХIII курултайында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Президент мамлекеттин колдоосу аркылуу жетишилген бир катар маанилүү өзгөрүүлөрдү белгилеп өттү. Ал судьяларды ротациялоо системасынын киргизилиши оң натыйжаларды бере баштаганын айтты. Азыр ошол аймактарга которулган судьялар үчүн батирлер курулуп жатат.
Ошондой эле ал судьялардын айлык маянасы 100% көтөрүлүп, бул сот тармагына жогорку квалификациялуу адистерди тартууга бир топ стимул болгонун айта кетти. Мындан башка заманбап сот имараттары курулуп берилүүдө, бир катар аймактарда Адилеттүүлүк үйлөрү ачылды, ал эми Ош шаарында жаңы борбордун ачылышы пландалууда.
Президент сот аткаруучулар менен сот приставдарына ата мекендик ишкананын өндүрүшүнөн чыккан 101 кызматтык автоунаа берилгенин, келечекте сот бийлигин керектүү атайын техника менен камсыздоо улантыларын айтып берди. Жакшы шарттар менен камсыздоодогу маанилүү кадам катары “Фемида” пансионатын сот системасынын карамагына өткөрүлүп берилиши болду.
Садыр Жапаров мындай жетишкендиктер менен катар, чечиле элек көйгөйлөр бар экенин, айрыкча, судьяларды турак-жай менен камсыз кылуу бүгүнкү күндө дагы актуалдуу бойдон турганын белгиледи. Ал бул багытта аракеттер улантыларына ишендирип өттү, көйгөйдү чечүүгө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын катышуусу пландаштырылып жатат.
Коррупцияга каршы күрөш тууралуу айтып жатып, Президент сот тутумундагы коррупция эң биринчи кезекте жалпы журтубуздун мамлекетке болгон ишенимин солгундатарын баса белгиледи.
“Соттун таразасы калыс болсо, элдин ишеними бекем болот” деген учкул сөздү эске алуу менен антикоррупциялык мыйзамдар күчөтүүнүн үстүндө”, — деди Мамлекет башчысы. Ал коррупцияга каршы күрөшүү жаатында киргизилип жаткан түзөтүүлөр жооптуу адамдардын коррупциялык мыйзам бузуу аракеттерин алдын алууга багытталганын белгиледи. Ал судьялар бул маселеге олуттуу мамиле жасаарына ишенимин билдирди. Судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында Тартип комиссиясы түзүлгөнү айтылды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар