Башкы беткеМаанилүүНарын Нооруздун шаңына бөлөндү

Нарын Нооруздун шаңына бөлөндү

Бүгүн, 21-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге Нарын шаарында өткөн Нооруз майрамына катышты.

Майрамдык иш-чара шаардын борбордук аянтында уюштурулуп, улуттук каада-салттарды, маданий мурастарды жана элдин биримдигин чагылдырган кеңири программа менен коштолду. Иш-чаранын алкагында мамлекет башчысы жана Биринчи айым кыргыз элинин бай маданиятын даңазалаган боз үйлөрдөн турган тематикалык көргөзмө менен таанышты.

Экспозицияда элдик кол өнөрчүлүк, Манас эпосунан үзүндүлөр, ошондой эле сүмөлөк жасоо жана андан даам татуу салты көрсөтүлдү. Бул элементтер Нооруз майрамынын терең тарыхый жана руханий маанисин ачып берди.

Концерттик программада жаратылыштын ойгонушу, күн менен түндүн алмашуусу жана жаңылануу идеялары көркөм формада чагылдырылды. Сахнада Умай эне жана Баба дыйкан сыяктуу образдар аркылуу береке, ынтымак жана муундардын уланмалуулугу даңазаланды.

Куттуктоо сөзүндө Президент Садыр Жапаров мамлекеттик майрамдарды аймактарда өткөрүү жакшы салтка айланып баратканын белгилеп, бул элдин биримдигин бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн айтты. Ал бардык кыргызстандыктарды, чет өлкөдөгү мекендештерди жана эл аралык коомчулукту Нооруз майрамы менен куттуктап, тынчтык, бакубат жашоо жана ынтымак каалады.

Иш-чара Нарын облусунун тарыхын, маданий баалуулуктарын жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символдорун чагылдырган театралдаштырылган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар