whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
9.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча пикирин билдирди

Садыр Жапаров Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров “Кабарга” Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча пикирин билдирди.

Өлкө башчы мыйзам долбоору “жеке менчик жерлерди алабыз” деген ченем менен келе турган болсо артка кайтарарын белгиледи.

“Жеке менчик мүлк кол тийгис. Эгер Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонду ижарага берген жерлер жөнүндө болсо анда башка кеп. Менчик жерлерди алып коюуга каршымын. Долбоордо фонддун жүздөгөн гектар жерлерин 49 жылга алышып, иштете албай, отоо чөп басып жаткан жерлер жөнүндө кеп болуп жатса керек. Андай жерлерди сөзсүз айыл чарба багытында иштетишибиз керек. Анткени адам саны өсүүдө. Өзүбүздү өзүбүз буудай менен камсыз кыла албай калдык. Эгер мыйзам долбоор иштетилбей жаткан менчик жерлерди алабыз деген ченем менен келсе, каршы пикир менен кайтарам”, — деди Жапаров.

Ал ошондой эле жарандарды бир чарчы метр жерди дагы бош калтырбай эгин эгүүгө чакырды.

Бүгүн президенттен Жер кодексинин жаңы редакциясына кол койбоону суранган мүлк ээлери ЖКнын алдына чогулуп, петицияга кол топтошкон.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар