Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Өзбекстандын Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен Стамбул шаарында жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир алмашты. Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан кылымдарды карыткан кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, эки өлкөнүн башчыларынын ынак мамилеси да өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзүп жатканын кошумчалады.
«Калыптанган мамилелерди кеңейтип, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң. Бул жаатта да эки өлкөнүн парламенттери жемиштүү иш алып барып, эл аралык аянтчаларда да тыгыз кызматташып келебиз. Айрыкча Парламенттер аралык комиссия активдүү иш жүргүзүп, эки тараптуу жолугушууларда маанилүү чечимдер кабыл алынууда», – деди Төрага.
Ошону менен катар Марлен Маматалиев чек аралардын такталышы соода-экономикалык байланыштарды күчтөндүрүүгө чоң түрткү бергенин белгиледи. Ал эми Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Андан сырткары, «Кыргыз элинде «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» – деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, биз бир тууган эле эмес, жакын коңшу элдерденбиз. Ошондуктан, байланыштарыбыздын күн сайын кеңейиши эки мамлекет үчүн тең маанилүү», – деген Сенат Төрайымы да парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.