Россия Кубаны колдойт

0
1950

Президент Владимир Путин Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес менен Москвада жолугуп, өлкөсүнө каршы АКШ тарабынан жаңы санкциялар киргизилгенине карабастан Кубаны колдоорун билдирди.

Путин куба лидерине:«Биз Кубанын көз карандысыздыгы, өз жолунда өнүгүү укугу үчүн күрөшүн ар дайым колдоп келебиз, кубин элин дайыма колдойбуз» — деп айтты.

Мындан мурда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШны Кубаны экономикалык жана деңиз блокадасынан алыс болууга чакырган. Лавров Россиянын куба элин коргоого, суверенитетин жана коопсуздугун сактоого колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россиянын Гавана менен байланыштарын өнүктүрө берерин, досторуна тиешелүү жардам көрсөтөөрүн маалымдады.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз