Быйыл орто кесиптик билим берүү мекемелерине гранттык жана контракттык негизде тапшыруучулардан жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) өтүү талап кылынат.
Илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Динара Бекташеванын айтымында: «Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, 11-класстар гана орто кесиптик билим берүү мекемелерине тапшырууда ЖРТдан өтүшү керек. 9-класстарга тиешеси жок».
ЖРТга катталуу 17-февралдан башталып, 2-апрелге чейин уланат. Тестирлөө 16–23-май күндөрү өтөт.

