Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Парламентинин делегациясы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык, парламенттер аралык диалог жана регионалдык маселелер боюнча пикир алмашты.
Министр европалык кесиптештерине өлкөдөгү саясий жана экономикалык реформалар тууралуу маалымат берип, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө ири инвестициялык долбоорлордун маанисин баса белгиледи. Алардын катарында:
-
«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу
-
«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жол долбоору
Ж.Кулубаев алдыңкы европалык технологияларды тартууга кызыкдар экенин, транспорттук жана энергетикалык коопсуздуктун бүткүл регион үчүн стратегиялык маанисин белгиледи.
Регионалдык өз ара аракеттенүү маселелерине токтолуп, министр Борбордук Азиядагы туруктуулуктун коңшулук мамилелерди чыңдоо, өз ара ишенимди арттыруу жана конструктивдүү диалог аркылуу камсыздаларын белгиледи.
Жолугушуунун аягында ачык талкуу форматында европарламентарийлердин суроолоруна жооп берилди. Министр экинчи даражадагы санкциялар боюнча Кыргызстандын позициясын, көрүлүп жаткан чараларды жана эл аралык милдеттенмелерге берилгендигин түшүндүрдү. Ошондой эле Борбордук Азиядагы негизги чакырыктар жана демилгелер боюнча комментарийлер берилди.

