Башкы беткеДин иштериОрозо айт намазы Бишкекте эски аянтта окулат

Орозо айт намазы Бишкекте эски аянтта окулат

Эртең, 20-мартта Бишкек шаарында Орозо айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Мындай чечим жарандардын суранычын эске алып, президенттин колдоосу менен кабыл алынганы маалымдалды.

Орозо айт намазынын программасы:

  • 07:00 – 07:30 – Куран окуу;
  • 07:30 – 07:40 – модератор Шүкүр ажы Исмаилов;
  • 07:40 – 08:10 – диний баяндар; Жолдошбек ажы Абдылдаев, Бакыт ажы Кайкиев;
  • 08:10 – 08:30 – азирети муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери
  • 08:20 – 08:30 – Сапан-сап айтуу;
  • 08:30 – 08:50 – айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.

Ал эми аймактарда орозо айт намазы мечиттерде окулат. Региондордогу жалпы айттык программа:

  • 07:30 – 08:00 – Куран окуу;
  • 08:00 – 08:25 – диний баяндар;
  • 08:25 – 08:30 – айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
  • 08:30 – айт намазын окуу.

Белгиленгендей, тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн убакыттардын бир аз айырмаланышына уруксат берилет.

Эске салсак, буга чейин муфтият Орозо айт намазы мечиттерде окуларын айткан.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар