Башкы беткеРубрикаларАймактарДолон капчыгайындагы павильон, вагондор алынат

Долон капчыгайындагы павильон, вагондор алынат

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон капчыгайында мыйзамсыз жайгашкан соода-сатык жүргүзгөн павильондор, вагондор жана талапка жооп бербеген курулуштар алынат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, бул курулуштар калктын ден соолугуна коркунуч келтирет.

«Мисалы, сезон келгенде аталган участоктордо мөмө, жемиш, балык жана башка тамак-аш азыктарын сатуучулар пайда болот. Сатылып жаткандар жол боюндагы чаңды жана машиналардан чыккан түтүндөрдү өзүнө сиңирип алат. Бул алардын сапатына таасирин тийгизет жана адамдын ден соолугуна коркунуч келтирет»,- деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүк буга чейин 40 боз үй участогундагы вагон, павильон ээлерине бир нече жолу тиешелүү билдирүүлөр берилгенин, ага ылайык апрель айында мыйзамсыз коюлган курулуштар, вагон, павильондор ал жерден алынарын билдирди.

Ошондой эле, 15-апрелге чейин айыл өкмөт, токой чарба кызматы тиешелүү жерлерди аныктап, башка участокторду сунуштаары белгилүү болду.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар