Башкы беткеМаанилүүСалыктын кирешеси 57,8 млрд сомго көп болду

Салыктын кирешеси 57,8 млрд сомго көп болду

Кыргызстанда 2025-жылдын январь–август айларында мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери 26,5 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин отчетунда айтылат.

Маалыматка караганда, сегиз айдын жыйынтыгы менен 275,6 млрд сом салык чогултулуп, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 57,8 млрд сомго көп болду.

Салыктык түшүүлөр бул мезгилде мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешелеринин үчтөн эки бөлүгүн камсыз кылды.

2025-жылга бекитилген план боюнча салык кирешелеринин көлөмү 394,7 млрд сом деп белгиленген. Ал эми келерки жылдын мамлекеттик бюджети боюнча долбоордо бул сумма 460,5 млрд сомго жетери күтүлүүдө.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар