Башкы беткеМаанилүүШайлоо–2025: Кыргызстанда 4,2 млн шайлоочу бар

Шайлоо–2025: Кыргызстанда 4,2 млн шайлоочу бар

Кыргызстанда добуш берүүгө укуктуу жарандардын саны 4 млн 237 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Айдана Жупуева «Биринчи радиого» билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын саны такталгандан кийин өлкө боюнча 30 шайлоо округу аныкталат. Ар бир округда орточо 140–142 миң шайлоочу болот.

Ошондой эле парламенттик шайлоодо жарандар мурдагыдай катталган дареги боюнча гана эмес, каалаган шайлоо участогунан да добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Эске салсак, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы өзүн таркатуу чечимин кабыл алган. Мыйзамга ылайык, президент парламенттик шайлоонун датасын 30-сентябрга чейин бекитиш керек.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар