whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүМамлекеттик ипотекалык компания курган “Мурас” турак жай комплексинде мектеп ачылды

Мамлекеттик ипотекалык компания курган “Мурас” турак жай комплексинде мектеп ачылды

Бишкекте Кубанычбек Маликов көчөсүндөгү Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган “Мурас” турак жай комплексинин биринчи кабаттарында мектеп окуучулары үчүн убактылуу класстар ачылды. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, бул жайлар №40 мектептин филиалы катары иштей баштады жана ал жерде 5-9-класстардын окуучулары үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мамлекеттик ипотекалык компания бөлүп берген имараттар 1000 балага ылайыкталып, окуу эки нөөмөттө жүргүзүлөт.

Бул демилге президент Садыр Жапаровдун сунушу менен ишке ашты. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунашалиев бул пилоттук долбоор борбор калаанын башка райондору үчүн да жакшы үлгү болоорун белгиледи.

Эске салсак, Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында борбордогу мектептердин дээрлик бардыгында бир класста 40тан ашуун окуучу билим алып жатканын, айрым учурда алардын саны 50гө чейин жеткенин билдирген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда учурда 2 миң 394 мектеп иштейт, алардын 2 миң 170и мамлекеттик, ал эми 224ү менчик болуп саналат. Бул билим берүү мекемелеринде 1,5 миллиондон ашуун окуучу окуйт.

2025–2026-окуу жылында “Алтын казык” мамлекеттик программасынын алкагында өлкөдө 12 жылдык билим берүү системасы киргизилди. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар милдеттүү түрдө мектепке барышы керек. Ал эми 10–12-класстарда окуучулар кесиптик багыт боюнча билим алып, жалпы 11 кесипке үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар