whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЗеленский өлкөдөгү жаңжалдын аякташына жакындап калганын билдирди

Зеленский өлкөдөгү жаңжалдын аякташына жакындап калганын билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдөгү жаңжалдын аякташына жакындап калганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости “Страна.ua” басылмасына таянып жазды.

“Согушту дароо токтотуу мүмкүн эмес, бирок анын соңуна жакындап келатканыбыз анык. Бирок бул согуш биротоло бүттү дегенди билдирбейт”, — деген Зеленский.

Маалыматка караганда, буга чейин Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушкан. Reuters агенттигинин билдиришинче, Трамп Киевди Москва менен макулдашууга чакырып, “эгер келишимге келбесе, өлкө чоң коркунучта каларын” айткан. Ошол эле учурда АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Стив Уиткофф Украинадан Россия менен аймак алмашуу боюнча катаал талаптарды койгон делет.

Axios порталы жазгандай, сүйлөшүүлөр оор шартта өткөн жана Трамптын позициясы катуу болгон. Маалымат булактарынын бири жолугушууну “ ийгиликсиз жана чыңалуу жараткан” деп мүнөздөгөн. Зеленский маалымат жыйынын Ак үйдүн имаратынан тышкары жерде өткөрүүгө аргасыз болгон.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар