Башкы беткеМаанилүүМенчик клиникаларга эмдөө жүргүзүүгө уруксат берилди

Менчик клиникаларга эмдөө жүргүзүүгө уруксат берилди

24-сентябрда Жогорку Кеңеш менчик клиникаларга да эмдөө жүргүзүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды. Бул кадам, Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтымында, жарандардын эмдөөгө жеткиликтүүлүгүн жеңилдетип, эпидемиологиялык коопсуздукту бекемдөөгө багытталган.

Министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева белгилегендей, азыркы учурда профилактикалык эмдөөлөр негизинен мамлекеттик мекемелерде жүргүзүлүп, жеке клиникаларга катталган жарандарга ыңгайсыздык жаратат. Бул жагдай жалпы эмдөө камтуусун төмөндөтүп, оорулардын жайылышына шарт түзүшү мүмкүн.

Акыркы жылдары Кыргызстанда вакцинадан баш тарткандардын саны жылына 20 миңге чейин жетип жатат. Алардын 43% диний ишенимден улам, ал эми 45% вакцинанын коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна ишенбегендиктен эмдөөдөн баш тартышат.

Министрлик эскерткендей, дал ушундай көрүнүш 2012-жылдан тартып күчөп, 2014–2015-жылдары кызамык илдетине чалдыккандар 17 миңге жеткен. Ошол учурда ири масштабдагы эмдөө кампаниясы өткөрүлгөн. Бүгүн да кызамык оорусу негизинен эмделбеген адамдар арасында катталып жатканы белгиленди.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар